Саиповго айып тагылды, иштин жаңы жагдайлары

Саипов Манхэттендеги федералдык сотко майыптардын коляскасы менен келди. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Саипов Манхэттендеги федералдык сотко майыптардын коляскасы менен келди.

Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповко сегиз кишинин өлүмү боюнча жана террордук уюмдарга материалдык көмөк көрсөткөн деген айып такты.

Шейшембиде 29 жаштагы өзбекстандык мигрант Сайфулло Саипов Нью-Жерсиден ижарага алган жүк ташыган унаа менен Нью-Йорктун борборунда ондогон кишилерди тебелетип кеткен. Алардын сегизи каза таап, 11 киши жаракат алган.

Расмий маалыматтарда Саипов ижарага алган унаасы менен Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагындагы велосипедчилердин жолуна кирип барып, ал жердеги кишилерди тебелетип, кийин мектеп автобусуна барып урунган.

Кийин белгилүү болгондой башында Саиповдун планы мындай болгон эмес экен. Ал тергөөдө Бруклин көпүрөсүнө барып, көбүрөөк кишилерди тебелетүүнү пландаганын айткан.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Күбөлөрдүн айтымында ал кылган ишине өкүнбөй турганын билдирген.

Унаасы автобуска урунгандан кийин сыртка чуркап чыккан Саиповдун колунда ок атуучу курал жүргөнүн көрүшкөн. Полиция бир нече ирет ок чыгарып, шектүү жарадар болгондон кийин гана кармаган. Шектүүнүн колундагы ок атуучу куралдын бирөөсү пейнтбол үчүн, экинчиси пневматикалык курал болгону белгилүү болду.

Саипов Манхэттендеги федералдык сотко майыптардын коляскасы менен келди. Күбөлөрдүн айтымында ал кылган ишине өкүнбөй турганын билдирген.

«ИМ» инструкциясы менен

Нью-Йорктун полиция комиссарынын орун басары Жон Миллер болжолу кол салуу бир нече апталар мурун даярдалып баштаганын айтты.

"Бул сыяктуу чабуулдарды өткөрүү жана даярдоо боюнча «ИМ» тобу жарыялаган инструкцияларга үндөш окуя болуп турат», -деди журналисттерге берген маегинде Жон Миллер.

Унаадан бычак жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна берилгендигин тууралуу ант берген араб тилиндеги кат болгон. Бирок анын «ИМ» тобуна катыштыгы болгонун күбөлөгөн далилдер жок.

Соттогу документтерден алынган маалыматтар:

  • Саипов кол салууну эки ай мурун даярдаган.
  • Хэллоуин күнүн тандап алганын, көчөдө кишилер көп болмок деп түшүндүргөн.
  • Унаага «ИМ» экстремисттик тобунун желегин илип койгусу келеген экен. Бирок көпчүлүктүн көңүлүн бургусу келген эмес.
  • Анын мобилдик телефонунан «ИМ» экстремисттик тобунун зомбулукту чалгылдарган 90 видеосу табылган.
  • Ирактагы өлүм үчүн өч алууга чакырган «ИМ» лидери аль-Багдадинин кайрылуусуна шыктанганын айткан.
Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Масштабдуу иликтөө иштери уланып жатат. Сүрөттө полиция Саиповдун Нью-Жерсидеги үйүнүн жанында турат.

Федералдык иликтөө бюросунун Нью-Йорктогу бөлүмүнүн жетекчиси Билл Суини билдиригендей, Сайфулло Саипов тууралуу тергөөчүлөрдө көп маалыматтар бар. Бирок тергөө эми гана башталып жатат.

Федералдык иликтөө бюросу 32 жаштагы Мухаммадзоир Кадыров дагы табылганын кабарлады. Болжолу ал дагы өзбекстандык мигрант. Бирок тергөөчүлөр аны эмнеге суракка алып келишкенин так айта элек.

Рейтер агенттиги америкалык атайын кызматка шилтеме берип, издөөгө алынган Кадыров жана аты жөнү айтылбаган дагы бир киши менен Саипов байланышта болгонун жазды.

Шектүүнүн таржымалы

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сотто айыпталуучу өзүнө каршы көрсөтмө берүү укугунан баш тартып, "ИМ" тобунун идеясына шыктанганын айткан.

Нью-Жерсиге көчүп келгенге чейин Сайфулло Саипов Флорида аймагында жашаган. Ал Өзбекстандан АКШга 2010-жылы көчүп келип, жашап, иштөөгө укук алган. Uber компаниясы ал айдоочу болуп иштеп жүргөнүн тастыктады.

Огайодо жашаган Саиповдун жердеши, айдоочу болуп иштеген Миррахмат Муминов АКШга келгенден кийин гана Саипов динге кызыгып баштаганын Рейтер агенттигине айтып берген. Өзбекстанда мүмкүн болбогон эркиндиктин АКШда болгону аны таң калтырган дейт жердеши.

"Ал түнт, нерви жука, кээде агрессивдүү эле. Ал өзүнүн дүйнөсү менен жашачу», -деп айтып берген Миррахмат Муминов. Анын айтымында, Саипов англис тилин дагы, орус тилин да начар билчү. Бул окуядан кийин президент Дональд Трамп грин-карт программасын жок кылуу керек деп чыкты. Саипов ушул программа менен АКШга келгени айтылып жатат.

АКШга келгенге чейин Саипов Ташкентте жашаган. Муну Өзбекстан тарап дагы ырастаган. Саипов 1988-жылы 8-февралда Ташкентте төрөлгөн. Ташкент финансы институтун бүтүргөн. Окуусун бүткөндөн кийин мейманканада эсепчи болуп иштеген. Ата-энеси Ташкент шаарында жашайт. (AbA)

Тектеш темалар