Мигранттардын экстремисттик азгырыкка кабылышына эмне себеп?

Нью-Йорктогу кол салуу боюнча айпыталып жаткан Сайфулло Саипов, 2016-жылы тартылган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу ST CHARLES COUNTY POLICE DEPT
Image caption Нью-Йорктогу кол салуу боюнча айпыталып жаткан Сайфулло Саипов, 2016-жылы тартылган сүрөт.

Октябрь айында эле АКШнын Бруклин аймагынын тургуну, Өзбекстандан келген жаран террордук чабуул уюштуруу аракетин көргөн деп 15 жылга соттолгон эле. Саиповдун окуясынан кийин чет жердеги өзбектер арасында террордук топторго азыгырыктар көп болуп жатабы деп суроо жаралды.

Эмне үчүн өзбекстандыктар?

Бул жагдайларды Би-би-сини кабарчысы Хайрулло Файз талдоого алат.

Президент Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстан дүйнөдөгү эң репрессиялуу өлкөлөрдүн бири эле. Жумушсуздук, коррупция жана полициянын катаал мамилеси күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болгон. Мунун баары туругундардын нааразылыктарын акырындык менен өөрчүтүп келген.

Акыркы 20 жылдын ичинде миллиондогон өзбектер жакшы турмуш издеп Орусияга агылышты. Өзбекстан бийлиги сырткы өлкөлөргө эмгек мигранттары массалык түрдө чыгып кетип жатканын узак убакытка моюнга албай келген. Президент Каримов аларды «жалкоо жана жакшылыкты билбегендер» деп атаган.

Мамлекеттик телеканалдарда "Аллах" сөзүнүн айтылышына тыюу салынган.

Мечиттен сырткары жерлерде намаз окуган кооптуу болчу. Себеби камакка алынышы да мүмкүн эле. Көпчүлүк эксперттер дүйнө жүзүндөгү жихаддык уюмдарга тартылган өзбектер көп болгону менен, алардын ислам тууралуу түшүнүктөрү өтө аз деп айтышат.

Алар өз мекенинде ислам дини тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Мына ушул жагдайдан улам алар чет өлкөлөрдөгү экстремисттик топторго азгыргандардын оңой бутасы болуп берген.

Ата мекенинен, үй-бүлөсүнөн алыс, эч кандай колдоосу жок жүрүп, айрымдары белгисиз өлкөдөгү жашоого ылайыкташа албай кыйналышат.

Айрымдары мына ушул мезгилде жихаддык топтордун идеологиясына чалынган. Жихаддык топтордун таасирине кабылгандардын азыр кай жерде жүргөнү - Москвадабы, Нью-Йорктобу же Стамбулдабы маанилүү эмес.

Сара Кендзиор, АКШлык журналист жана жазуучу

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption «ИМ» жана башка террордук уюмдар интернет аркылуу азыгырыктарга тынымсыз аракетин токтотпой келет.

Бул көйгөйдү биз тереңирек карашыбыз керек. АКШнын тарыхында өзбек улутундагылар ишке ашырган террордук актылар өтө эле аз. Болгону үч эле киши ушундайга барган. Айрым басылмалар буга кыргызстандык өзбекти дагы кошуп жазып жатышат. Анда төрт киши болуп калат.

Үч эле киши - демек бул өзбектер террордук кыймылдарга кеңири тартылып жатат дегенди билдирбейт. Биз АКШдан көргөн окуя сыяктуу эле дүйнөнүн башка жерлеринде өзбек террорчулары ишке ашырган чабуулдар деле бирдей эле мүнөздө. Адатта террордук топтордун онлайн-пропагандасына азгырылган жаштар жалгыз аракетенген учурлар болуп жатат.

«ИМ» жана башка террордук уюмдар интернет аркылуу азгыруу аракетин тынымсыз жүргүзүп келет. Ушундай эле тузак өз өлкөсүнөн көңүлү калып, чет өлкөдө жүргөн мигранттарга, анын ичинде ошол эле өзбектерге жайылган.

Бирок азырынча Саипов дал ушундай жол менен экстремисттик жолго барган деп айтууга эрте. Мен буга чейинки окуяларга негиздеп ушундай божомолдоп жатам.

АКШда жашаган өзбектердин дээрлик көпчүлүгү террордук уюмдарга кошулуу ниети жок. Мунун бардык эле улуттагы кишилерге тиешеси бар. Көптөрдүн Өзбекстанга басым жасаганы күлкү келерлик. Анан калса алар бул өлкө тууралуу эч нерсе билбей туруп эле жазгандары бар.

Кыязы, Саипов АКШда жүрүп радикалдашкан. Расмийлер жана маалымат каражаттары Саиповдун өзбек экенине басым жасай бербей, анын АКШда жашаган жети жылын астейдил иликтеп чыгышы керек. (AbA)

Тектеш темалар