Трамп грин-карт лотереясын жокко чыгарууга убада берди

АКШ президенти Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШ президенти Дональд Трамп кошмо штаттарда жашап жана эмгектенүүгө укук берген грин-карт лотереясын жокко чыгаруу керек деп чакырык таштады.

Шейшембидеги Манхэттенде болгон террордук чабуулга айыпталып жаткан өзбекстандык Сайфулло Саипов АКШга ушундай жол менен келгени айтылган.

«Бүгүнтөн баштап лотерея программасын токтотуу боюнча жараянды баштайм. Конгресстен бул программадан тез арада арылуу боюнча демилге көтөрүүнүн суранам»,-деп билдирди Трамп.

Америкалык бийлик азырынча 29 жаштагы Сайфулло Саиповдун АКШга так ушул грин-карта менен келгенин расмий тастыктай элек.

Грин-карт лотереясы деген эмне?

Грин-карт лотерея программасы 1990-жылы негизделген. Мунун жардамы менен ар жылы болжолу 50 миңдин тегерегиндеги мигранттар АКШда туруктуу жашаганга укук алышат.

Бул программаны иштеп чыгууда Сенаттагы азчылыкты түзгөн демократиялык партиянын лидери Чак Шумер активдүү роль ойногон. Бул мыйзам долбоору Конгресстеги эки партия тарабынан тең колдоого алынып, ошол кездеги президент Буш кичүүсү тарабынан кол коюлган.

Бирок Чак Шумер 2013-жылы грин-карт лотереясын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болгон.

Бул мыйзам долбоору Сенат тарабынан кабыл алынып, өкүлдөр палатасындагы республикачылар тарабынан четке кагылган эле.

Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөрдүн жарандары грин-карт лотереясы программасына 1995-жылдан бери катышып келе жатышат.

2017-жылы Өзбекстан грин-карт лотереясын утуп, АКШга келгендер саны боюнча Орусия, Иран, Конго, Эфиопиядан кийинки бешинчи орунду алган. (AbA)

Тектеш темалар