Кыргыз мигранттары Манхэттендеги окуядан кийинки абал тууралуу

Нью-Йорк Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Нью-Йоркто болгон окуялардан кийин полиция маанилүү транспорттук түйүндөрдү кайтарууга алып баштады. Ошондой эле башка шаарларда дагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү айтылууда.

Би-Би-Си грин-карт утуп, Нью-Йорк шаарында жашап жүргөн кыргыз Таалай Саидовду кепке тартып, теракт окуяларынан кийин мигранттарга карата мамиле тууралуу сурады.

"Нью-Йоркто мигранттардын абдан көп болгондуктан, мигранттарга болгон көзөмөлдү байкоо татаал. Көчөлөрдө полиция кызматкерлеринин саны дагы көбөйгөнүн көргөн жокмун. Барды мурдагыдай эле. Негизи АКШнын тургундарынын көбүнө Өзбекстан, Кыргызстан, Ооганстан - кыязы "стан" атуу мамлекеттердин баары окшош өлкө. Ал себептен кыргызбы, өзбекпи, тажикпи же казакпы - аларга айырмасы деле жок. Бардыгына бирдей мамиле кылышат. Эгерде өзгөрүүлөр болсо, бардык мигранттарга бирдей болот."

Кыргыз жарандары эң көп жашаган Чикаго шаарында иш сапарда жүргөн профессор Эдил Молдоев менен байланышканыбызда, "кадимкидей эле шаардын көндүм турмушу уланып жатат" деп айтып берди.

Би-Би-Си: Чикагодо кыргызстандык балдар көбүнчө кандай иш менен алек болушат экен?

Эдил Молдоев: Кечээтен бери бул жерде Нью-Йорктогу окуя тууралуу маалымат каражаттары кеңири жазып, чагылдырып жатышат. Бирок Чикагодо коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көчөдө куралдуу полициянын көп жүргөнү деле байкалган жок. Кадимкидей эле шаардын көндүм турмушу уланып жатат. Бул жерде иштеген кыргызстандыктар деле мурдагыдай эле жумушка барып келип, көчөгө чыгып эс алып дегендей, ошол эле турмуш.

Би-Би-Си: АКШга барганда сизге Чикагодогу кыргызстандыктар менен баарлашып, кенен таанышууга мүмкүндүк болгонун айттыңыз. Кыргызстандык жарандар бул шаарда кандай жумуштар менен алектенет экен?

Эдил Молдоев: Чикагодогу кыргызстандыктар тууралуу айтсак, 20 жылдан бери иштеп жаткан кыз-жигиттер бар экен. Өзүнүн жеке бизнесин ачып алгандары, өз кесиби менен, мисалы жаштар арасында технология жаатында иштегендерин дагы жолуктурдум. Андан сырткары, бул жерде көп балдар жүк тарткан унааларды айдап иштегендер көп экенин байкадым. Абдан ынтымактуу экен, майрамдарда жолугуп, баарлашып, карым-катнашта болуп, ынтымактуу жүрүшөт. Мурун келип, анан бул өлкөдө иштеп калган жаштар АШнын бир топ эле аймагында бар экенин айтып беришти. Ошол эле Бостондо, Нью-Йоркто жашагандар бар экен.

Би-Би-Си: АКШда жашаган кыргызстандыктарга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү элдин мамилесин кандай деп мүнөздөйт элеңиз?

Эдил Молдоев: Бул мамлекетке келген жарандардын укугу бирдей сакталат экен. Эч кандай жээрүү, тескери мамиле жок бул жакта. Англис тилинде туура эмес сүйлөсө дагы, жылмайып, кунт коюп угуп, ушундай мамиле кылышат.

Тектеш темалар