Каталониянын таратылган өкмөтүнүн сегиз мүчөсү камакка алынды

Каталониянын таратылган өкмөтүнүн сегиз мүчөсү камакка алынды Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Испаниянын улуттук соттук коллегиясы Каталониянын төбөлсүздүгүн жарыялагандан кийин кызматтан алынган өкмөттүн сегиз мүчөсүн камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Алардын ичинде аймактын мурдагы вице-президенти Уриол Жункерас дагы бар. Мадриддеги сотко келген каталондук өкмөттүн тогуз мүчөсүнүн сегизи камакка алынган. Өлкөнүн прокуратурасы Карлос Пучдемон баш болгон дагы беш кишини камакка алууга умтулуп жатат. Бейшембидеги сотко алар келишкен жок.

Камакка алынган министрлерди козголоң уюштурган, мамлекеттин каражатын ысырап пайдаланган деп айыптап жатышат. Эгерде алар козголоң боюнча айыптуу деп табылса, 30 жылга эркиненен ажыратылышы мүмкүн.

Аймактын мурдагы өкмөт башчысы Карлес Пучдемон жана өкмөттүн төрт мүчөсү азыр Бельгияда жүрөт. Прокуратура аларды камакка алуу боюнча ордер берди.

Пучдемон Брюсселде өткөн басма сөз жыйыны учурунда бельгиялык бийликтен саясый башпанек суроо ниети жок экенин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Испан бийлиги кимди камакка алгысы келүүдө?

Пучдемон Испанияга акыйкат соттук териштирүүгө кепилдик берилмейинче кайтып барбай турганын айтты. Efe маалымат агенттиги билдиргендей, Бельгиянын федералдык прокурору камакка алуу боюнча ордер алгандан кийин, мыйзамга карап аракететене турганын билдирген.

Прокуратура төмөндөгү каталондук чиновниктерди камакка алуу боюнча ордер бергени жатат:

  • Меритчель Серрет, мурдагы Айыл чарба министри
  • Антони Комин, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри
  • Луис Пуч, мурдагы Маданият министри
  • Клара Понсати, мурдагы Билим берүү министр

Эгерде Испаниянын Жогорку соту аты аталган чиновниктерди камакка алуу боюнча европалык ордер берсе, ал бельгиялык прокуратурага жөнөтүлөт.

Ордер берүү жүйөөлүү деп табылса, анда Пучдемон баштаган төрт чиновникти камакка алууга 15 күн убакыт берилет. Эгерде алардын бири доо арыз менен кайрылса, жараян дагы 15 күнгө созулат.

Бельгия аларды камакка алса, 60 күндүн ичинде Испанияга өткөрүп бериши керек болот. (AbA)

Тектеш темалар