Усама бин Ладендин компьютеринде эмне сакталган?

Усама бин Ладен 2011-жылдын майында атайын өткөрүлгөн операция учурунда жок кылынган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Усама бин Ладен 2011-жылдын майында атайын өткөрүлгөн операция учурунда жок кылынган.

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы «Аль-Каиданын» лидери Усама бин Ладендин компьютеринен табылган файлдардын дагы бир бөлүгүн жарыялады.

2011-жылы Пакистандын Абботтабад аймагында өткөрүгөн атайын операциядан кийин Усама бин Ладен жок кылынып, ага тиешелүү деген компьютер алынганы айтылган эле.

Андагы файлдар кезек-кезеги менен жарыяланып келе жатат. Бул жолу чалгын кызматынын сайтында жарыяланган материалда бин Ладендин күндөлүгү, анын кайрылуулары, үй-бүлөлүк тасмалары, анын ичинде уулу Хамзанын үйлөнүү тоюндагы тасма бар. Андан сырткары мультфилимдер, YouTube сайтынан алынган роликтер бар.

Айрым материалдар улуттук коопсуздукка байланыштуу жарыяланган эмес.

Бул эми Усама бин Ладендин файлдарынын төртүнчү жолу жарыяланышы. Борбордук чалгындоо кызматынын директору Майк Помпео кабарлагандай, бейшемби күнү 18 миң документ, 79 миң аудиофайл жана сүрөттөр, 10 миң видео жазуулар жарыяланды.

«Бул жолку материалдардын жарыяланышы америкалыктарга бул террордук уюмдун ишмердүүлүгү, пландары тууралуу кеңири түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берет»,-деп айтылат Помпеонун билдирүүсүндө.

Азыркы күнгө чейин Борбордук чалгын кызматы бин Ладендин компьютеринен 470 миң файлдарды таап чыккан.

Усама бин Ладендин уулу Хамза тууралуу эмне билебиз?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Хамза бин Ладен АКШга сөөмөй кезеген бир нече кайрылууларды жасаганы бар.

Видео жазуулардын арасында Хамзанын үйлөнүү тоюндагы ролик дагы бар.

Видеого анализ жүргүзгөндө Иранда тартылган болушу мүмкүн деп болжоого болот. Буга чейин Хамзанын бала кезиндеги тасмалары гана коомчулукка ачык болуп келген.

Бир сааттык тасмада биз Хамзаны сакал-мурутчан, килемдин үстүндө бир топ кишилердин курчоосунда олтурганын көрөбүз. Бин Ладендин өзү тасмага түшкөн эмес, бирок катышып олтургандардын бирөөсү «күйөө баланын атасы» уулунун үйлөнүп жатканына сүйүнүп жатканын жана «анын кубанычы башка моджахеддерге тараганын» айтат.

Хамза бин Ладенди атасынын сүймөнчүк уулу, «Аль-Каиданын» лидерлигине мураскер болушу мүмкүн деп айтышкан.

Соңку учурларда террордук уюм Хамзанын АКШнын дарегине айткан коркутуулары камтылган аудио жаздырууларды тараткан. Анда Сауд Арабиясынын өкмөтүн өкмөтүн кулатуу жана Сириядагы жихадчыларды колдоо боюнча дагы айтылат. (AbA)

Тектеш темалар