Техастагы кол салуу: кеминде 26 киши каза тапты

Видеонун түшүндүрмөсү,

It's reported the gunman had been killed in the aftermath

АКШнын Техас штатындагы баптистик чиркөөдө белгисиз жаран ок чыгарып, кеминде 26 киши каза таап, ондогону жарадар болду. Окуя Сан-Антонио шаарына жакын жерде орун алган.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30 чамасында Сазерленд-Спрингс шаарчасындагы чиркөөгө курал менен кирип барып, ок чыгарганы айтылууда.

Бул учурда чиркөөдө жекшембидеги сыйынуу маалы эле. Полиция кабарлагандай, каза тапкандардын жаш курагы 5 жаштан 72 жашка чейин.

Кол салган шектүүнүн аты жөнү расмий жарыялана элек. Бирок жергиликтүү басылмалар кол салган шектүү мурда АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн катарынан бошотулган Дэвин Патрик Келли экенин жазууда.

Сүрөттүн булагы, Twitter/MaxMassey

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул учурда чиркөөдө жекшембидеги сыйынуу маалы эле.

Округдун полиция комиссары Уилсон Альберт Геймздин айтымында, ок чыгарган киши окуя болгон жерден унаага олтуруп, из жашырып кеткен.

Кийин анын сөөгү табылган. Алгачкы жоромолдордо аны полиция атып өлтүргөн же өз өмүрүнө кол салган деп айтылып жаткан. Кийин белгилүү болгондой, ал кол салган учурда ага куралы бар тургундардын бири ок чыгарган.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сазерленд-Спрингс бир нече жүз киши жашаган чакан шаарча. Сан-Антонионун түштүк-чыгышынан 50 чакырым аралыкта жайгашкан.

Окуя болгон жерде Федералдык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү иш алып барууда. Азырынча кол салуунун себеби аныктала элек.

Сүрөттүн булагы, KSAT 12 / Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Окуя болгон жерде Федералдык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү иш алып барууда.

Азия өлкөлөрүндө расмий иш сапары менен жүргөн өлкө президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына: "Техастын Сазерленд-Спрингс тургундарына кудай өзү жардам берсин. ФБР жана укук коргоо органдары окуя болгон жерде иштеп жатат. Мен Японияда туруп алып окуяны көзөмөлдөп жатам»,-деп жазды.

"Чиркөө жайгашкан аймак курчоого алынган»,-деп кабарлады окуя болгон жерде жүргөн журналист Макс Масси.

Техастагы кол салуудан бир ай мурун Лас-Вегаста ушундай үрөй учурган окуя катталган. Анда ачык асман алдында өтө турган концертке келгендерди бир киши тынымсыз аткылап, 58 киши мерт кеткен. Жүздөгөнү жаракат алган. Бул АКШ тарыхындагы массалык кан төгүүгө алып келген эң кандуу кылмыш болуп калган эле. (AbA)