Баатырларбы же акылсыздарбы? Жапондордун камикадзе-учкучтарга мамилеси

Осама Ямада өзүнүн тарапташтары менен. Алардын көбү Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда тапшырма аткарып жүрүп каза тапкан. Сүрөттүн автордук укугу OSAMU YAMADA
Image caption Осама Ямада өзүнүн тарапташтары менен. Алардын көбү Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда тапшырма аткарып жүрүп каза тапкан.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда миңдеген жапондук учукучтар император үчүн деп өз ыктыяры менен душмандын учагына, кемелерине барып урунуп, жанын кыйышкан. Аларды камикадзе-учкучтар деп атап жүрөбүз.

Арадан 70 жыл өткөндөн кийин Би-би-синин кабарчысы Марико Ои өткөн жылдардын камикадзе баатырлары бүгүнкү жапон жаштары үчүн ким деп суроо салды.

Токиодогу үч жаш жигит камикадзелерге карата: баатырдык, акылсыздык деп мүнөздөмө беришти.

Жапон камикадзе-учкучтары тууралуу сандарды так аныктоо кыйын. Бирок үч-төрт миң жапон учкучтары каршылаштарына чабуул коюп барып, атайлап өз учактарында мерт болушкан. Мындай чабуулдардын 10 пайызы гана ийгиликтүү болгон деп айтылат. Бирок камикадзе-учкучтардын аракети менен болжолу 50 аскер кемеси чөктүрүлгөн.

Ондогон жылдар өткөндөн кийин, азыркы мезгилде камикадзелер тууралуу бир пикир жок. Мунун дагы бир себеби камикадзе-учкучтардын тарыхы саясый максат үчүн көп колдонулганын да белгилей кетсек болот.

«Жапония союздаштардын аскер күчтөрү тарабынан оккупацияланган жети жыл ичинде камикадзелердин репутациясына каршы катуу аракеттер болгон»,-деп түшүндүрөт Сидзуока университетинин профессору Мордекай Шефталл.

Учкуч жанкечтилердин тактикасы акылсыз, келесоо аракеттей көрсөтүлгөн.

Бирок союздаштардын аскерлери чыгып кеткен 1952-жылдан тарта оңчул улутчулдар бул боюнча тарыхтагы жеке өздөрүнүн көз карашын калыбына келтирүүгө болгон күч-аракеттерин жумшашкан дейт профессор.

«Ал тургай 1970-1980-жылдары эле көпчүлүк жапондор жанкечтиликти (камикадзе) мамлекет тарабынан алардын жакындарына каршы жасалган кылмыш катары эсептешип, намыстана турган көрүнүш катары санап жүрүшкөн. Бирок 1990-жылдары улутчулдар коомдук пикирди байкоо үчүн камикадзелер «баатыр» болгонбу деген идеяны таратып көрүшкөн. Аларга каршы пикирлер болбогондуктан идеяны таратуу кеңири тараган»,-деп түшүндүрөт профессор Шефталл.

Өз өлкөңүз үчүн согушканга даярсызбы?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2000-жылдары жарыкка чыккан айрым тасмаларда камикадзелер чыныгы баатырлар катары көрсөтүлгөн.

2015-жылы Win/Gallup тарабынан бир нече өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо 11 пайыз гана жапондор өз өлкөсү үчүн согушууга даяр экенин билдиришкен.

  • Пакистан: 89%
  • Индия: 75%
  • Түркия: 73%
  • Кытай: 71%
  • Орусия: 59%
  • АКШ: 44%
  • Бириккен Королдук: 27%
  • Жапония: 11%

2000-жылдары жарыкка чыккан айрым тасмаларда камикадзелер чыныгы баатырлар катары көрсөтүлгөн.

Башында бизге "алар баатырлар болгон" деп жооп айткан өспүрүм Сё дагы камикадзелердин баатырлыгын тасмадан көргөнүн айтты. Эгерде Жапонияда согуш болуп кетсе (кудай андайдын бетин ары кылсын), өлкөм үчүн өлүмгө даяр эмесмин деп моюнуна алды жапондук өспүрүм.

Иш жүзүндө 11 пайыз гана жапондор өлкөсү үчүн согушка даяр экен. Бул тыянак таң каларлык деле эмес. Анткени Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Жапониянын жаңы мууну пацифисттик Баш мыйзам менен жашап, өстү. Ага ылайык Жапония куралдуу күтөрүнө ээ эмес.

«Менин өлгүм келген эмес»

Сүрөттүн автордук укугу kellchi kuwahara
Image caption Кэити Кувахара камикадзелердин отрядына кирген учурда 17 гана жашта болгон.

17-24 жаштагы камикадзелердин баары эле өлкөсү үчүн өлүмгө даяр болгон деп айтууга болобу?

Кудайдын кудурети менен ажалдын оозунан аман калган жанкечти-учкуч менен болгон маегимде мен тескери жоопту уктум.

«Император үчүн биздин арабыздагылардын 60-70 пайызы өзүн курмандыкка чалууга даяр элек деп айта алам. Бирок башкалары бул эмне үчүн зарыл деп өзүн-өзү суроо беришкен»,-деп айтып берди 94 жаштагы Нагоинин тургуну Осама Ямада.

Ал өзүнүн миссиясын аягына чыгара албай калган, анткени согуш бүтүп калган экен.

«Ал кезде мени кармап турган эч нерсе жок эле. Анткени мен жалгыз бой элем. Бир гана Жапония үчүн өзүмдү курмандыкка чалышым керек деген ой болгон. Бирок үй-бүлөсү барлардын ойлору такыр башкача болушу мүмкүн эле»,-дейт Ямада.

91 жаштагы Кэити Кувахара дал ушундай башкача ойлонгондордун бири. Ал камикадзе-учкучтардын бөлүгүнө киргендеги учурларын жакшы билет. 17 жашта болгон экен.

«Бир жыл алдын атамдан ажырап калгамын. Ошондуктан үй-бүлөнү багуу түйшүгүн апам менен эжем тартып жүргөн. Мен аларга айлык акымдан жөнөтүп турчумун. Мен өлүп калсам эмне болот? Үй-бүлөм кантип жан багат деп ойлонот элем»,-дейт ал.

Докмуенттерде Кувахара дагы өз ыктыяры менен келген деп жазылган.

«Мени мажбурлашканбы же өзүм келгеминби? Эгерде армиянын табиятын түшүнбөсөңүз буга оңой эле жооп табуу кыйын».

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Император Хирохито, 1942-жыл.

Профессор Шефталл түшүндүргөндөй, учкучтардын чоң тобун чогулутуп алып, ким ыктыярчы болгусу келбесе колун көтөрсүн деп айтышкан. Курчап тургандардын басымы менен эч ким «мен ыктярчы эмесмин» деп айта алган эмес.

Булар согуш учурундагы, кырдаал жараткан жанкечтилер эле дейт ардагерлер. Ошондуктан аларды азыркы тынч учурда кол салган террорчу жанкечтилер менен салыштыруу дегеле мүмкүн эмес дейт Кувахара.

Согуштан кийин бул миссияны аткаргысы келбеген Кувахара өзүн бошотулгандай сезип, өлкөнү кайра калыбына келтирүү иштерине аралашкан.

Ямаданын болсо тынч жашоого аралашып кетиши кыйын болгон.

"Мен дендароо абалда калгамын. Өзүмдү жоготуп, коргоосуз калгандай сезим болду,-деп эскерет ал. -Камикадзе-учкуч катары биз өлүмгө даяр элек. Ошондуктан жеңилүү тууралуу укканда жер жарылып кеткендей болду».

Анын өзүнө келип, тынч турмушка аралашуусуна согуштан кийинки кыйын учурлардын таасири болду. Жанды багуу үчүн баш көтөрбөй иштөө зарыл эле.

Булар жанын бергиси келген киши - император Хирохито болсо, америкалыктардын колун кысып, Ямада сыяктууларга согушту унутууга жардам берген. (AbA)

Тектеш темалар