"Жыргал жашоо сырлары": Чириген байлардын офшордогу эсептери

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Акчаны офшордо кантип катса болот?

13,4 миллион офшордук эсептерге тиешелүү документтер ашкереленип, аны "Жыргал жашоо сырлары" деп аташууда. Бул документтерде дүйнөдөгү эң бай деп аталган адамдар акчасын кантип офшордук эсептерге которгону тууралуу маалыматтар бар. Документтердин көбү офшордогу бир ири компанияга таандык.

Документтердин арасында АКШнын президенти Дональд Трамп дайындаган Соода министрдин орус компаниясы менен байланыштары дагы ашкереленген. Бул ишкана АКШ тарабынан санкцияга алынган экен.

Би-Би-Синин "Панорама" программасы документтерди иликтеген 100 медиа уюмдардын бири.

Өткөн жылы "Панама документтери" сыяктуу эле, "Жыргал жашоо сырлары" документтери дагы германиялык гезит Süddeutsche Zeitung колуна түшкөн. Бул гезит документтерди "Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумуна" (ICIJ) иликтөө жүргүзүү үчүн тапшырган.

Документтердеги маалыматка ылайык, саясатчылар, атактуу адамдар жана таанымал ишкерлер татаал структуралар, фонддор жана офшордук компаниялар аркылуу салыктан качып, байлыгын жашыруун кармаган.

Бирок транзакциялардын көбү мыйзамга каршы келбейт.

АКШнын соода министри Уилбур Росс жана президент Трамп уят болдубу?

1990-жылдары Уилбур Росс Дональд Трамптын компанияларын банкроттуктан сактап калган. Кийин Трамп аны соода министри катары дайындады.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Дональд Трамп менен Уилбур Росс

"Жыргал жашоо сырлары" документтеринде Росс мырза Navigator Holdings компаниясында үлүшү бар экендиги ачыкталды. Бул компания орусиялык "Сибур" ишканасы өндүргөн мунай жана газды ташып, миллиондогон доллар киреше алган. Владимир Путиндин күйөө баласы менен АКШ санкция жарыялаган дагы эки кишинин "Сибур" компаниясында үлүшү бар.

Бул факт АКШ президенти Дональд Трамптын Орусия менен байланышы тууралуу бир топ суроолорду жаратууда. Трамп президент катары ишке киришкенден бери, Орусия менен байланышы тууралуу чуулгандуу окуялар ачыкталып, Москва шайлоонун жыйынтыгына таасир этти деген маалымат да иликтенүүдө. Трамп дооматтарды четке кагып, аларды "калп жаңылык" деп атаган.

Документтер каяктан ашкереленди?

"Жыргал жашоо сырлары" деп мүнөздөлгөн документтер Бермуд аларындагы офшор индустриясына байланыштуу Appleby компаниясына таандык. Appleby кардарларына салыгы өтө төмөн же толугу менен жоюлган офшордук компания түзүүгө юридикалык көмөк көрсөтөт.

Бул документтер жана Кариб аймагында катталган компанияларга таандык документтер германиялык "Зюддойче цайтунг" гезитинин колуна түшкөн. Бирок гезит аларды так ким өткөрүп бергенин жашыруун кармоодо.

Медиа уюмдардын айтымында, ашкереленген документтерди иликтөө дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыгында, себеби офшор дүйнөсүнө таандык документтер аркылуу мыйзамсыз иштер болгону ачыкталган.

Документтер жарыялангандан киийин Appleby компаниясы мыйзам бузуулар боюнча эч кандай далил жок болгонун белгилеп, компания "мыйзамсыз иштерге жол бербейт" деп билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Офшор финансы деген эмне?

Офшорду жалпак тил менен салыкты аз төлөө үчүн каражатты чет өлкөдөгү атайын аймакка которуу деп түшүндүрсөк болот. Бул кадам аркылуу кирешени көбөйтүү мүмкүн.

Мындай аймактарды "салык бейиши" деп дагы аташат. Бул аймактар негизинен чакан аралдарда түзүлгөн. Ал жердеги компаниялар сырды мыкты жашырып, маалыматты бекем сакташат.

Улуу Британиянын карамына кирген көптөгөн аралдарда офшор аймактар түзүлгөн жана Лондон шаарындагы көптөгөн адвокаттар, бухгалтерлер жана банкирлер офшор компаниялары менен иш жүргүзөт.

Офшор аймактары карапайым тургундарга терс таасир этеби?

Чынында офшорлордо өтө көп каражат катылган. Boston Consulting Group компаниясынын айтымында, офшордо 10 триллион доллар бар. Демек чакан аралдарда Улуу Британия, Жапония жана Франциянын ички дүң өндүрүмүн бирге алгандагы каражат сакталган. Бирок талдоочулар мындан дагы көп каражат бар деп билдиришүүдө.

Сынчылар офшор аймактардын жашыруун жагдайы мыйзамсыз кадамдарга жол ачат деп маалымдашат. Ал эми аларды тескеген өкмөттөр өтө жай кыймылдап, офшордогу компаниялардын мыйзамсыз кадамдарына каршы эффективдүү чара көрө албай келет.

"Чек арасыз капитал" аттуу китептин автору Брук Харрингтон болсо чириген байлар салыктан качса, алардын ордуна кедейлер төлөп калат деп белгиледи.

Офшор компаниялары эмне дейт?

Офшор финансалык борборлорунун айтымында, офшор аймактары жок болсо дүйнөдөгү өкмөттөр салыктын деңгээлин чектебей коймок. Ошондой эле финансалык борборлор тоодой болгон акчанын үстүндө отурбаганын, тескерисинче каражатты дүйнө жүзүнө таратууга өбөлгө түзүп жатканын белгилешүүдө.

Бермуд аралдарынын мурдагы финансы министри Роб Ричардс болсо, Би-Би-Синин "Панорама" программасына берген маегинде "башка мамлекеттердин салыгын чогултуп берүүгө милдеттүү эмесмин" деп билдирди.

Тектеш темалар