Жолдо төгүлгөн кан: кырсыктан дагы үч өмүр кыйылды

Баткендин Лейлек районунда болгон унаа кырсыгы. Сүрөттүн автордук укугу Mederbek Niyazaliyev
Image caption Баткендин Лейлек районунда болгон унаа кырсыгы.

Баткендин Лейлек районунда болгон унаа кырсыгынан үч киши каза тапты. Окуя Ош- Исфана жолунда эрте менен жүз берген.

Маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылган унаалардын бири "Хонда-Степвагон" үлгүсүндө, экинчиси "Жигули" унаасы болгон.

Кырсыктын себеби жана каза тапкандардын өздүгү такталып жатканы айтылды.

Кечээ күнү Ысык-Көл аймагында болгон жол кырсыгынан үч адам каза тапкан эле. Кырсык Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолунда катталган.

Сүрөттүн автордук укугу Mes.kg
Image caption Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолундагы кырсык.

Мындан эки күн мурун Кант шаарында мас айдоочу кишилерди коюп кетип, андан бир үй-бүлөө жабыр тартып, таенеси жана 8 жаштагы небереси каза тапканы айтылган. Каза тапкан кыздын ата-энеси болсо, ооруканага түшкөн.

Сүзүп кеткен унаанын айдоочусу мас абалында болгон деп айтылууда.

Токтогулдуктар түлөө өткөрдү

Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан Токтогул районунунда болсо тургундар атайын түлөө өткөрүштү.

"9-ноябрь күнү Токтогул районунун аймагында чоң кырсык катталды. Унаа кырсыгынан төрт киши жөз жумду. Каза тапкандар Үч-Терек айыл аймагынан 1992-1993-жылы төрөлгөн балдар. Ушул эле күнү Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда эки таждикстандык жаран унаа кырсыгынан мерт кетти. Буга чейин баарына белгилүү өлкө боюнча ушундай кырсыктан көп киши көз жумду. Ошондуктан биз түлөө берели деп сүйлөштүк. Атайын эскертме жазып, эрежени сактаңыз, сиздин колуңузда канча адамдын өмүрү бар деп 300дөй айдоочуга түлөө тамак менен кошо бердик",-деди Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов.

Кооптуу коңгуроо

Ноябрдын биринчи он күндүгүндө эле өлкө аймагында 200дөн ашуун жол кырсыгы каталып, 42 киши мерт болду. Жыл башынан бери жол кырсыгынан каза тапкандар 700гө чамалаган. Кырсыктан жаракат алгандар 7800 киши болгон.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жол кырсыгын азайтуу убайымы

Расмий маалыматтарга караганда, быйыл жол кырсыктарынын саны 8,3 пайызга өскөн. Соңку күндөрдөгү үрөй учурган кырсыктар коомчулукту нес кылып, өкмөттү чараларды издөөгө мажбур кылды.

Кырсыктын дээрлик чоң бөлүгү унааны катуу ылдамдык менен айдоо дейт жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызмат. Каршылаш тилкеге чыгып кетип кырсыкка кабылган учурлар экинчи орунда турат.

Өкмөттүн чаралары

Апта соңунда өкмөттө бул маселе талууга алынып, Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү. Анын жетекчилигине вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев дайындалды.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жоюп, Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү боюнча токтомго кол койду.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жол тыгындын жолун тапкан окумуштуу

Жекшемби күндөрү болсо ИИМ Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен багыттары боюнча унаа жолдорунда атайын рейд өткөрүп, жүргүнчү, жүк ташыган унааларды текшерүүгө алды. (AbA)

Тектеш темалар