60 жылдан бери биринчи жолу Италия футбол чемпионатына барбайт

Швед футболчуларынын кубанычы: алар 2006-жылдан бери Дүйнө чемпионатына бара элек эле. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Швед футболчуларынын кубанычы: алар 2006-жылдан бери Дүйнө чемпионатына бара элек эле.

Футбол боюнча Италиянын курама командасы 1958-жылдан бери биринчи жолу Дүйнө чемпионатына барбай калды. 2018-жылдагы чемпионат Орусияда өтөт. Кайсыл курамалар бара турган белгилүү болуп калды.

Футбол чемпионатынын тарыхы менен алганда италиялыктар экинчи ирет барбай калды десек тагырак болот. Анткени биринчи жолу 1930-жылы Уругвайда өткөн Дүйнө чемпионатына көпчүлүк европалык курамалар сыяктуу эле Италия дагы баруудан баш тарткан. Жолдун узактыгы жана татаалдыгы, кеме менен жетүү түйшүгү себеп катары айтылган.

Дүйшөмбүдө Миланда өткөн беттеште италиялыктар Швеция менен тең чыкты. Бирок мындан мурунку беттеште шведдер өз үйүндө 1:0 эсеби менен утуп алган болчу. Тең чыгуу Швецияга Дүйнө чемпионатына катышуу укугун берди.

Сүрөттүн автордук укугу GAZZETTA
Image caption Италиянын курама командасы 1958-жылдан бери биринчи жолу Дүйнө чемпионатына барбай калды.

Италиянын көз жашы, Швециянын кубанычы

Италиялык оюнчулар жана күйөрмандар муну чыныгы трагедия катары кабыл алды. Беттештин соңуна чыкканын билдирген ышкырык жаңырганда италиялык футболчулар оюн талаасында эле көмкөрөсүнөн жатып калышты.

Чабуулчулар Андреа Белотти жана Чиро Иммобиле ызаа аралашкан көз жашын жашырган жок.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Италия курама командасынын капитаны 39 жаштагы дарбазачы Жанлуиджи Буффон беттештен кийин дароо футболдон кетерин жар салды.

Италиялык Gazzetta dello Sport басылмасы жеңилүүнү "апокалипсис" деп да атап жиберди.

Италия курама командасынын капитаны 39 жаштагы дарбазачы Жанлуиджи Буффон беттештен кийин дароо футболдон кетерин жар салды.

Ал Италия курама командасы менен 1997-жылдан бери 175 беттеш өткөрүп, 2006-жылы Дүйнө чемпионатын уткан.

Буффон дагы көзүнө жаш алып: «Өзүм үчүн, бүтүндөй италиялык футбол үчүн абдан өкүнүчтүү» деп айткан.

Ушундай тыянактан кийин улуттук курама команданын 69 жаштагы башкы машыктыруучусу Жан Пьеро Вентура кызматынан кетиши мүмкүн.

Вентура Италия улуттук курама командасын 2016-жылдан машыктырып баштаган эле. Ал мурдагы машыктыруучу Антонио Контенин ордун алмаштырган. (AbA)

Тектеш темалар