Меркель коалиция курай албады: кайра шайлоо болушу мүмкүнбү?

Сүйлөшүүлөр максатына жетпей калды. Эркин демократиялык партиянын лидери сүйлөшүүлөрдүн соңунда Линднер эшикти сыртынан жапты. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Сүйлөшүүлөр максатына жетпей калды. Эркин демократиялык партиянын лидери Линднер сүйлөшүүлөрдүн соңунда эшикти сыртынан жапты.

Ангела Меркелдин үч партиядан турган башкаруучу коалицияны куруу аракети ишке ашпай калды. Мындан эки ай мурун өткөн шайлоодо Меркелдин Христиан-демократиялык союзунун коалициясы 33 пайыз добушка ээ болгон.

Бирок бул жеңишине карабастан партия 1949-жылдан бери шайлоодогу эң начар көрсөткүчкө ээ болгон эле. Эми анын төртүнчү ирет канцлер кызматында калышы күмөн болуп тургандай.

Көпчүлүк коалицияны куроо жөндөмүнүн жоктугу Меркелдин колун байлап жатат. Чыңдоосу бошоңдой түшкөн өкмөт калган популярдуулугун сактап калуу үчүн этият болушу керек болот.

Христиан-демократиялык союзунун башкаруучу коалициядагы өнөктөшү Социал-демократиялык партиясы шайлоодо өзүнүн добушун жоготту. Мартин Шульц башында турган Германиянын Социал-демократиялык партиясы шайлоодо 20,8 пайыз добуш алып, коалиция куроого катышпай турганын айтып, парламентте оппозицияга кетерин жарыялаган.

Алардын утулуп калышына «Германия үчүн альтернатива» оңчул партиясынын шайлоочулар арасында өтө популярдуу болуп кеткени себеп болду. Алар Бундестагга биринчи жолу өтүп кетти. Бул партия катаал миграциялык саясатты киргизүүнү жактап келди. «Германия үчүн альтернатива» оңчул партиясы 13 пайыз добуш алган эле.

Миграциялык саясат боюнча Меркелдин мамилеси анын мурдагы популярдуулугун гана төмөн түшүрбөстөн, коалиция куроосуна дагы бөгөт болуп берди.

Катрин Гёринг-Эккардт башында турган «жашылдар» менен Кристиан Линднер жетектеген Эркин демократиялык партиянын экология боюнча көз караштарындагы айырмачылык кырдаалды андан бетер тереңдетти.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Октябрь соңунда курала элек коалиция келечекке оптимизм менен карап жаткан эле.

Бир айга созулган сүйлөшүүлөрдүн соңунда Линднер эшикти сыртынан жапты.

"Биз бүгүн эч кандай прогресске жетишкенибиз жок. Тескерисинче, мурдагы компромисстик максаттар күмөн жараткан абалда калды,-деди Линднер жекшембиде кечинде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.- Калп менен башкаргандан көрө дегеле бийликке барбай койгон артык болот. Жолугушканга чейин!».

Эми эмне болот?

Германиянын Конституциясында башкаруучу коалицияны куроо мөөнөтү чектелген эмес, бирок аны эч ким узакка созгусу келбейт.

Салттуу саясый күчтөр кайра шайлоого барууга умтулбайт. Анткени улутчулдар менен популисттердин позицияларын кайра чыңдоодон кооптонушат.

Меркель эми Эркин демократиялык партияны кайрадан сүйлөшүүгө алып келүүгө аракет кылат. Болбосо Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Меркелдин талапкерлигин канцлерлик кызматка сунуштап, парламентке алып чыгуу укугу бар. Эгерде парламенттен ал биринчи жолкусунда жетиштүү добуш албай калса, эки аптадан кийин экинчи жолу добуш берүү болот.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бир ай мурун Штайнмайер убактылуу канцлерлик боюнча Меркелге уруксат берген.

Үчүнчү жолу канцлер болуу үчүн абсолюттук добуш эмес, көпчүлүк добушту алса жетиштүү.

Ушундан кийин гана Штайнмайерде аны канцлер катары таануу же парламентти таратып, эки ай ичинде шайлоо дайындоого тандоосу болот.

Азыр өткөөл учурдагы өкмөттү башкарып жаткан Меркель сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганы боюнча билдирүү үчүн дүйшөмбү күнү Штайнмайерде болорун айтты. (AbA)

Тектеш темалар