Сириядагы согуш: Путин тынчтык жараяны боюнча долбоорун жарыялады

Sochi meeting Сүрөттүн автордук укугу EPA

Орусиянын президенти Сириядагы алты жылга созулган жарандык согушту токтотуу үчүн тынчтык конгресси түзүлөт деп жар салды.

Владимир Путин билдирүүсүн Ирандын президенти Хассан Роухани жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин жарыялады.

Биргелешкен жыйында үч мамлекеттин лидери Сириянын өкмөтү менен оппозицияны сүйлөшүүлөргө "конструктивдүү катышууга" чакырды.

Сирия боюнча тынчтык конгресси качан өтөөрү так айтылган жок. Бирок ал Кара деңиздин боюндагы Сочи шаарында орун алат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сирия чатагындагы Орусиянын ролу

Бул жаңылыктын алдында Сириянын оппозициячыл топтору Сауд Арабиянын баш калаасы Риадда чогулган. Алар эмдиги аптада Женева шаарында Бириккен улуттар уюму уюштурган сүйлөшүүлөргө чейин позициясын тактоо аракетин көрүүдө.

Бирок жолугушуулардын алдында Сириянын оппозициячыл топторунун таламын талашкан Сүйлөшүүлөрдүн жогорку комитетин жетектеген адам кызматынан баш тартты. Риад Хижаб дүйшөмбү күнү эки жылдан кийин "аргасыз кызматтан баш тартып" жатканын айтып, комитетке ийгилик каалады. Айталы, Сүйлөшүүлөрдүн жогорку комитетин Сауд Арабиясы колдоп келет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириянын оппозициячыл топтору өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы натыйжалуу күрөш жүргүздү

Владимир Путин Сириянын лидери Башар Асад менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Сочи шаарына Түркиянын жана Ирандын президенттери келди.

Владимир Путин Асадка аскердик аракеттер "жыйыныкталып" калганын айтып, бирок оор иштер "дале алдыда" экенин кошумчалаган. Путин саясий чечимди табуу жараяны башталышы абзел деп билдирген.

Бул ирет Путин жарыялоосун Иран жана Түркиянын лидерлери менен бирге жасады:

"Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2254 резолюциясына таянып, Сириядагы оюнчулардын диологун күчөтүү үчүн биринчи кадамдарды шилтеп жатабыз. Иран жана Түркия Сирия боюнча конгрес өткөрүүнү колдогонуна мен кубанып турам", -деди Путин.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сириядагы жарандык согуштан жүз миңдеген жайкын тургундар аргасыз жер которду

Орусиянын президенти биринчиден мамлекеттин келечектеги структурасы түзүлүп, андан соң жаңы конституциясы кабыл алынгандан кийин Бирикке улуттар уюмунун көзөмөлүнүн алдында шайлоо өтүшү абзел деп билдирди.

Хассан Роухани жана Режеп Тайып Эрдоган менен чогу туруп сүйлөгөн сөзүндө Путин реформаларды ишке ашыруу "оңой болбойт, бардык тараптар, анын ичинде Сириянын өкмөтү компромисске барганда гана" мунаса табыларын айтты.

Кремль Сирияданы аскердик аракеттери үчүн бир топ сынга кабылган. Орусиянын аба соккуларынан жүздөгөн жайкын тургундар көз жумганы айтылат.

Арийне талдоочулардын баамдоосунда, чөлкөмдө жаңы саясий реалдуулук түзүлгөнү бышык. Учурда Араб мамлекеттери жана АКШ, Сириядагы кризисти жайгаруу үчүн Орусия менен тыгыз кызматташууну каалап тургандай. Бул кадам аркылуу Ирандын таасири дагы солгундамакчы.

Тема боюнча башка макалалар