КЭДР армиясындагы кыз-келиндер: зордуктоо, антисанитария жана ачкачылык

Саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Түндүк Корея армиясынын катарында кызмат кылуу аялдар үчүн өтө оор деп айтып берди мурда аскер кызматкери болуп жүрүп, кийин өлкөдөн качып чыгууга мүмкүндүк алган Ли Со Ён.

Ялуцзян дарыясынын жээгиндеги жоокер кыз. (2014-жылдагы сүрөт) Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ялуцзян дарыясынын жээгиндеги жоокер кыз. (2014-жылдагы сүрөт).

Анын айтымында, армиядагы кызмат учурунда уруп-сабоолор, зордуктоо көрүнүштөрү орун алып, кыз-келиндердин этек киринин циклы бузулган абалдар болот.

Ли Со Ён дээрлик он жылга чукул кызмат өтөгөн. Эки кабаттуу керебеттердин жанында аскер кызматындагы кыздардын ар бирине таандык аскер кийимдерин сактаган тумбочкалар турганын, үстүнө рамкага салынган эки сүрөттү сөзсүз коюп коюшканын эскерди. Сүрөттөрдүн бирөөсүндө - КЭДР негиздөөчүсү Ким Ир Сен, экинчисинде, анын мураскери Ким Чен Ир болгон.

Со Ён аскер кызматын мындан он жыл мурун өтөгөн. Ал азырга чейин бетон жайдагы оор жыттарды унута албай жүрөт.

«Биз абдан көп тердечү элек,- дейт Со Ён.- Жаткан төшөнчүлөрүбүз дагы күрүчтүн калдыктарынан жасалгандыктан денеден чыккан жыттар аларга сиңип калган эле. Бул абдан жагымсыз болчу».

КЭДР армиясындагы кыз-келиндер Сүрөттүн автордук укугу Shutterstock

«Жуунучу жайда дээрлик ысык суунун болбогону дагы аялдар үчүн оор сыноолордун бири болду. Тоодон аккан сууну эле түтүк менен киргизип коюшкан. Ар дайым жылан жана бакалар кошо агып келген учурлар болду»,-деп эскерди 41 жаштагы мурдагы аскер кызматкери.

Со Ён өлкөнүн түндүгүндө чоңойуп өскөн. Анын бүлөсүндөгү эркектердин көбү аскер кишилери болгон экен. 1990-жылдары КЭДРде ачкачылык болгондо Со Ён өз ыктыяры менен аскер катарына келген. Күн сайын түшкү тамак болот деген сөздөргө шыктанган. Ал сыяктуу миңдеген аялдар армияга кызмат кылуу үчүн келишкен.

«Ачкачылык Түндүк Кореядагы аялдар үчүн өтө оор сыноо болуп калды. Айрымдары физикалык жактан оор жумуштарда иштөөгө аргасыз болсо, көптөр орой мамилге кабылып, зордуктоого туш болушкан»,-дейт «Түндүк Кореядагы сырдуу ыңкылап» деген китептин автору Чжун Бэк.

________________________________

Качкындарга мамиле

Түндүк Корея боюнча адистер Жульетт Морильо менен Чжун Бэктин айтымында, Ли Со Ёндун эскерүүлөрү алар уккан далилдерге үндөшөт.

Бирок КЭРДен качып келгендердин айтып берген окуяларына кылдат жана этият мамиле кылуу зарыл дейт алар.

КЭДР армиясындагы кыз-келиндер Сүрөттүн автордук укугу ZHANG LI/REX/SHUTTERSTOC

"Азыркы учурда Түндүк Кореядан келген маалыматтарга талап чоң. Ошондуктан өзгөчө акча менен азгырганда айрымдар маалымат каражаттарына көбүртүп-жабыртып айтып беришет. Көпчүлүк качкындар басылмалар менен байланышканды каалабай, «карьералык качкындарды» сынга алышат. Бул маанилүү жагдайды эске алып жүрүш керек»,-деп белгилейт Чжун Бэк.

Түндүк Кореядан келген расмий булактарга келсек, андагы маалыматтардын көбү таптаза эле үгүткө айланган.

Ли Со Ён Би-би-сиге берген интервью үчүн акча албаганын эскерте кетели.

________________________________

Башында 17 жаштагы Ли Со Ёнго армиядагы турмуш жаккан. Патриотизм сезими жана коллективдүү ишмердүүлүк ага шык берип турган.

Армиядагы тартип эркектер менен аялдарга дээрлик бирдей. Аялдарга физикалык күчтү талап кылган жумуштар азырак берилет. Бирок алар күн сайын тамак даярдоо жана жыйноо, иретке келтирүү жумуштарына тартылашат. Бул жумуштардан тескерисинче эркектер бошотулган.

Тынымсыз машыгуулардан жана жетишсиз тамактануу акырындык менен биздин ден соолугубузга таасирин тийгизе баштады дейт Ли Со Ён.

КЭДР армиясындагы кыз-келиндер Сүрөттүн автордук укугу Sipa press/rex/shutterstock

«Армиядагы алты ай же бир жылдык кызматтан кийин чала тамактануу жана стресстен улам биздин этек кирибиздин циклы бузула баштады. Кыздар этек кири келбей калганына кубанганын да айтышкан. Анткени этек кир келген учурдагы абал мындан да жаман болчу»,-деп айтып берди ал.

Ли Со Ёндун айтымында армияда аялдарга жеке гигиенага маанилүү каражаттар каралган эмес. Ал себептен армияда кызмат өтөп жүргөн кыз-келиндер этек кир учурунда бир эле каражатты улам колдонууга аргасыз болушат.

"Аялдар азыркыга чейин этек кир учурунда пахтадан жасалган каражаттарды колдонот. Кыздар күн сайын абдан эрте туруп, аны эркектерден алыс жерде жууйт", -дейт "Түндүк Корея боюнча 100 суроо» деген китептин автору Жульетт Морильо.

Морильо айым жакында эле армияда кызмат өтөгөн аялдар менен баарлашканын белгилеп, алар этек кир циклы үзгүлтүккө учураганын тастыкташкан.

КЭДР армиясындагы кыз-келиндер Сүрөттүн автордук укугу Sipa press/rex/shutterstock

"Мен баарлашкан кыз-келиндердин бири жыйырма гана жашта болчу. Ал катуу машыккандыктан эки жыл бою айыз циклы толугу менен токтогон экен", -деп кошумчалады Морильо.

Ли Со Ён армияга кызмат өтөөгө өз ыктыяры менен барган. Бирок 2015-жылы Түндүк Кореяда 18 жашка чыккан ар бир бийкеч милдеттүү түрдө жети жыл армияда кызмат өтөшү керек деген мыйзам чыккан.

Бул жарыялоо менен бирге Пхеньян армияда кызмат өтөгөн кыз-келиндерге кымбат деп саналган Daedong компаниясынын жеке гигиеналык каражаттары берилет деп айтылган.

"Балким алар мурдагы кемчиликтере көңүл буруп жаткандыр. Жарыялоо аркылуу армияда кызмат өтөгөн аялдар үчүн абдан татаал деген пикирди жок кылабыз деп ойлогон. Алар моралдык духту көтөрүп, аялдар арасында "бизге кам көрөт турбайбы" деген идеяны таратууга аракеттенишүүдө",-дейт Чжун Бэк.

Жакындан тарта дагы бир престиждүү косметикалык бренд болгон Pyongyang Products продукциялары дагы аялдар кызмат кылган авиациялык бөлүктөргө таратыла баштаган.

Бул Ким Чен Ындын кайрылуусунан кийин болду окшойт деп болжоого болот. Ал 2016-жылы түндүк кореялык косметикалык товарлар дүйнөлүк бренд болгон Lancome, Chanel жана Christian Dior сыяктууларга атаандаша алышы керек деп айткан.

Шаардын сыртындагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн кыз-келиндердин атайын жеке ажатканалары жок. Ушул жагдай дагы алардын зордуктоого кабылышына себеп дейт Жульетт Морильо.

Түндүк Кореядагы аскер кызматы

  • КЭДРдеги кыз-келиндер кеминде 7 жыл аскер кызматын өтөшү керек.
  • Эркектер үчүн кызмат өтөө мөөнөтү 10 жыл. Бул дүйнөдөгү эң узак аскер мөөнөтү эсептелет.

Айрым маалыматтарда аялдардын 40 пайызы 18ден 25 жаш курактын ортосунда аскер өтүгүн кийишет. Эки жыл мурун аялдар милдеттүү түрдө аскер кызматын өтөшү керек деген жобо киргенден кийин бул сан дагы өсүшү мүмкүн.

Расмий маалыматтарга таянсак, аскердик чыгымдар өлкө казынасынын 15 пайыздайын түзөт. Бирок эксперттер бул сандар 40 пайызга чейин болушу мүмкүн деген пикирди айтышат.

КЭДР армиясындагы кыз-келиндер Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Спорт менен музыкага шыктуу окуучулардын аскер кызматынан калып калуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Бэк менен Морильо КЭДР армиясындагы аялдар көп учурда сексуалдык асылууларга туш болушарын айтышат.

Морильонун айтымында, аскер бөлүктөрүндө болгон мындай мүнөздөгү зомбулук тууралуу сүйлөшкөндө маектешекен кыз-келиндердин көбү өзүн эмес башка бир кызматташынын окуялары тууралуу айтышат дейт. Бирөөсү дагы өзү ушундай кырдаалга туш болгонун айтып берген эмес.

Ли Со Ён деле кызмат кылган 1992-2001-жылдар аралыгындагы аскер кызматы учурунда мындайды башынан кечирбегенин айтты. Бирок башкалар бул абалга түшкөн дейт ал.

«Ротанын командирлери жумуш убактысынан кийин, иш бөлмөсүндө кармалып калып, кол алдындагы жоокер кыздарды зордуктачу. Бул көп жолу болду»,-деп айтып берди Ли Со Ён.

Бирок КЭДР армиясынын өкүлдөрү мындай учурларга жаза катаал экенин айтып келүүдө. Мындай фактылар билинип калса, 7 жылдык абак жазасы күтөт.

«Көпчүлүк учурда эч ким мындайга күбө болуп, көрсөтмө бергиси келбейт.

Ошондуктан эркектер көп учурда жазасыз калат»,-дейт Жульетт Морильо. Ли Со Ён байланышчылар бөлүгүндө сержант болуп кызмат өтөгөн. Ал кызмат кылган аскер бөлүгү Түштүк Корея менен чек арага жакын болгон.

Армиядан 28 жашында бошоп чыккан. Андан кийин үй-бүлөсү менен убактысын өткөрүүгө кубанган экен. Армиядан тышкары жашоого көнө албай, каржылык тартыштыктан катуу кыйналат.

2008-жылы Түштүк Кореяга качып өтүүнү чечет. Биринчи аракетинде Кытай менен чек арадан кармалып калган. Бир жыл абакта олтуруп чыгат.

Экинчи жолкусунда, Туманган дарыясын сүзүп өтүп, Кытайга өтүп келет. Чек арада аны Кытайдан Түштүк Кореяга өткөрүп жибере турган ортомчу табылып, ошол аркылуу өтүп келген. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар