Кулакка тартылган орустарды Тажикистанга кантип айдашкан?

Көчүрүлгөндөр магистралдык каналдын курулушунда. Иш НКВДнын катуу көзөмөлү алдында жүргөн Сүрөттүн автордук укугу GAFUR SHERMATOV
Image caption Көчүрүлгөндөр магистралдык каналдын курулушунда. Иш НКВДнын катуу көзөмөлү алдында жүргөн

Россиянын борбордук райондорунун кулакка тартылган дыйкандары, фермерлери 1937-жылы Тажикистандын Вахш өрөөнүн өздөштүрүп, отурукташуу үчүн жиберилген. Алыскы түштүк республикага бүтүндөй үй-бүлөлөрдү айдашкан. Оор шартта айрымдары гана аман калбаса, көптөгөндөр үчүн бул акыркы сапар болгон.

1931-жылы совет өкмөтү Вахш сугат иштерин ачуу боюнча токтом чыгарган. Вахш курулушу бүт советтер союзунун негизги курулушу деп жарыяланган.

Заманбап техника жана адам ресурстары Вахшка советтер союзунун бардык бурчунан алып келинген. Мамлекетке импорттон кутулуу үчүн пахта керек эле, ошондуктан Вахш ирригациялык курулушун - абдан чоң долбоорду ойлоп табышкан.

Сүрөттүн автордук укугу GAFUR SHERMATOV
Image caption Вахш өрөөнү, 1937-жыл. Атайын көчүрүлгөн орус фермерлери пахтаны биринчи жолу аны терүүгө барганда көрүшкөн.

Кэпшн: Вахш өрөөнү, 1937-жыл. Атайын көчүрүлгөн орус фермерлери пахтаны биринчи жолу аны терүүгө барганда көрүшкөн.Маселе Вахш өрөөнүндө калк сейрек экенинде болчу. Өзүнүн жумушчу күчү жок эле. Ошондуктан аны өздөштүрүүгө адегенде Тажикистандын жашоочулары тартылган. Кийин өз күчү жетпей калганда Москва Россиянын борбордук райондорунун 1929-1931-жылдары кулакка тартылган жана РСФСРдын аймагы боюнча атайын айдалган адамдарды Тажикистанга айдоо чечимин кабыл алган.

Алгач 9948 адамды түзгөн 3738 үй-бүлө, Тажикстандын түштүгүндөгү Вахш өрөөнүнө күч менен жиберилген. Көчүрүлгөндөр башка климат, тажик тилин билбөө, турак-жай жана жөнөкөй санитардык шарттын жоктугу сыяктуу бир катар оор кыйынчылыктарга туш болгон.

Сүрөттүн автордук укугу GAFUR SHERMATOV
Image caption Орус аялдар сугат каналын камыштан тазалоодо. Оор жумуш, тажоо, аптап Тажикистанга көчүп келгендерди дайыма коштогон. Вахш 1937-жыл.

Алардын СССРдин башка аймагына көчүү укугу жок болчу. Анткени дайыма катуу көзөмөл алдында болушкан. Атайын көчөрүлгөн фермер-дыйкандардын кылган иштери көзөмөл алдында болгондуктан, алар бир иштен экинчи ишке өтүү же бир колхоздон экинчи колхозго өтүп иштөө сыяктуу укуктары да болгон эмес.

Депортация болуп, Тажикстанга биринчи айдалгандар орустар болгонун белгилей кетүү керек.

Көчүрүлүп келген орустар биринчи камыштан кепе жасашкан, күзгө чукулдаганда үч-төрт үй-бүлөгө ылайык жер алдынан үйлөрдү чукушкан. Жерди түнкүсүн казып, күндүз талаада же сугат үчүн каналдын курулушунда иштешкен.

Көптөгөндөр ичкелте жана башка жугуштуу оорулар менен ооруган. Дарыгерлер жетишкен эмес, андыктан өлгөндөрдү эч кандай жөрөлгөсүз эле көмүп сала беришкен.

Сүрөттүн автордук укугу GAFUR SHERMATOV
Image caption Каналдан топуракты алып чыгуу. Бардык иштер органдын атайын кызматкеринин катуу көзөмөлү алдында жүргөн.

Тамбов облусунан көчүрүлгөн И.Федоровдун эскерүүсү:

"Тажикистанга бизди жүк ташыган вагондордо алып баргандыктан жада калса кайда алып баратышканын билген эмеспиз. Тажикистанга келгенде бизди Вашх өрөөнүндө айыл чарба иштерине жөнөтүшкөн. Дарак да, бадал да, чөп да жок эле, жайкысын кургак жана абдан ысык болчу.

Эч кандай турак-жай жок. Камыштан кепелерди жасап, жашаганбыз. Ар кандай иштерге бөлүнүп иштедик. Сууну чымын-чиркей жана башка ар кандай курт-кумурска толгон арыктан иччүбүз. Ал эми жегенбиз ак да, кара да нан эмес, Россияда чочколорго берчү ботко эле. Күндө бир адам өлөт.

Айрыкча атайын текшерүү азап болчу. Сталинабадга (Дүйшөмбүгө) эркин чыгууга тыюу салынган, өзгөчө учурларда гана арыз менен уруксат берилген".

Сүрөттүн автордук укугу GAFUR SHERMATOV
Image caption Кулакка тартылган орус дыйкан-фермерлери Вахш сугат системасын куруу учурунда. Байыркы Египеттеги кулдар сыяктуу жыпжылаңач эркектер магистралдык каналды тазалоодо.

Атайын текшерүү көчүп келген орустардан кайсы жерде болгону тууралуу апта сайын отчет алып турчу.

Орустардын жан сактоо жана кул сыяктуу оор иштерде иштөө жылдары өткөн кылымдын 50-жылдары гана соңуна чыкты. Баштан өткөн бул окуяларга карабай, алардын көпчүлүгү Тажикистанда түбөлүк калышты. Экинчи үйү болуп калган республикада жашап жана иштеп жатышат.

Тема боюнча башка макалалар