Путин президенттик шайлоого катышарын айтты

Кыргызстандын, Орусиянын жана Казакстандын президенттери Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Кыргызстандын, Орусиянын жана Казакстандын президенттери

Путин өзүнүн талапкерлигин Орусия президентинин кызматына көрсөтөм деп билдирди. Мындай билдирүүнү ал Нижний Новгород шаарында ГАЗ заводунун кызматкерлери менен жолуккан учурда жасады.

"Мени колдогонуңар үчүн рахмат. Мен өз талапкерлигимди Орусия Федерациясы президентинин кызматына көрсөтөм", - деди Путин.

Президент Путин кайрадан шайлоого катышабы деген суроолор буга чейин көп берилип келген. Бирок ал бул тууралуу ооз ачкан эмес болчу.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын мартында өтөт деп күтүлүүдө. Ал эми өлкө башчысы Путиндин президенттик мөөнөтү май айында аяктайт.

Владимир Путин биринчи жолу президенттик кызматка 2000-жылы келген. 2008-2012-жылдары премьер-министр катары иштеп, 2012-жылы кайрадан өлкө башчысы болуп шайланган.

Азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин белгилүү теле жылдыз Ксения Собчак, юрист, журналист Екатерина Гордон жана ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский билдирди. (ErA)