Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныды

Израил Иерусалимдин чыгыш тарабында мыйзамсыз конуштарды куруп келет Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Израил Иерусалимдин чыгыш тарабында мыйзамсыз конуштарды куруп келет

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдөн атайын билдирүү менен чыгып, Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганын жарыялады. Трамп АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрүү боюнча дагы көрсөтмө бергенин маалымдады.

"Бул аракет Израил менен Палестинанын тынчтыкка умтулуу кадамына жол ачат деп билем",-деди кошмо штаттардын президенти.

Сауд Арабиясынын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз аль Сауди Иерусалимди Изрилдин баш калаасы катары таануу "дүйнөдөгү мусулмандарга каршы чагымчыл аракет" катары сыпатталат деп президент Трампка айтты.

Иерусалимди палестиналыктар жана израилдиктер ыйык деп санайт жана анын макамы талаш-талкуу жаратып келет.

Израил 1948-жылы түзүлгөндөн бери анын борбор калаасын Иерусалим деп бир да мамлекет тааныган эмес. Демек, АКШ биринчи өлкө болмокчу.

Сүрөттүн автордук укугу RRODRICKBEILER
Image caption Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан

1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

Бирок өткөн жылы АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери учурунда, президент Трамп Израилге колдоо көрсөтүп, АКШнын элчилигин Иерусалимге көчүрөм деп убада кылган.

Эмнеге Иерусалимдин макамы талаш жаратып келет?

Бул көйгөй Палестина менен Израилдин ортосундагы конфликттин негизги себептеринин бири.

Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан.

1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы шаарды Израилдин "түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору" деп жарыяган.

1993-жылы Израил-Палестина тынчтык келишимине ылайык палестиналыктар Иерусалимдин чыгышын өз мамлекетинин борбор калаасы катары жарыялоону көздөгөн. Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары эч бир мамлекет тааныган эмес. Израилдин эң жакын деп сыпаттаган өнөктөшү АКШ дагы элчилигин Тель-Авив шаарында жайгаштырган.

1967-жылдан бери Израил шаардын чыгышында ондогон конуштарды курган. Ал жерде 200 миңге чукул жөөт тургундары жашап келет. Эл аралык уюмдар айтылган конуштарды мыйзамсыз деп атаган.