Казакстан латын арибине өтүү менен Орусиядан жүзүн бурабы?

Нурсултан Назарбаев Сүрөттүн автордук укугу Sergei Savostyanov/TASS

2025-жылдан кириллицадан латын арибине өтүү боюнча Казакстандын чечимин көптөр Орусиядан символикалуу түрдө бөлүнүү катары баалады.

Алфавиттин алмашуусун талдоочулар түндүк коңшусунун маданий жактан дагы, саясый пландан алганда да таасирин төмөндөтөт деп белгилешүүдө.

Расмий билдирүүлөрүндө Москва дипломатиялык маанайды кармап, арибин өзгөртүү бул Казакстандын ички иши деди. Бирок мындай реформалар сөзсүз саясый максатты көздөйт деп белгилегендер бар.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде алфавитти реформалоого себеп болгон негизги жагдайлардын бири - Орусиянын маалыматтык таасирин азайтуу.

Алфавит жана саясат

«Калктын басымдуу бөлүгү орусиялык ММКлардын күчтүү таасиринде экени эч кимге жашыруун эмес. Мындай жагдай биздин маалымат коопсуздугуна сокку урат жана кайсыл бир деңгээлде Казакстандын жарандары дүйнөдөгү окуяларга Кремлдин идеологдорунун көзү менен карап, Орусияга жан тартып калат»,-дейт саясат таануучу.

Украинадагы окуялардан кийин өлкө жетекчилиги мындай таасирге этияттап карап калды деп эсептейт Сатпаев. Анын пикиринде, алфавиттин алмашуусу маалымат саясатынын бир бөлүгү болуп саналат. Аны казак бийлиги 2014-жылы Украинадагы окуялардан кийин баштады.

Бирок бийлик реформага саясый себептер бар дегенди кескин четке кагууда. Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев:

«Латын арибине өтүү деген орус тилинен баш тартуу дегенди билдирбейт. Латын ариби биринчи кезекте казак тилине тиешелүү»,-деп билдирген.

Бийлик мындай реформа казак тилинин таасирин артырууга түрткү берип, аны окуп үйрөнүү жеңил болуп калат деп эсептейт.

«Кириллицаны колдонгондон тилдик эрежелер аралашып кеткен жана казак тилинин өнүгүшүнө бөгөт болду»,-дейт жаңы алфавитти иштеп жаткан топту жетектеген Тил институтунун директору Ерден Кажибек.

«Кириллицада бир эле тамга ар башка тыбыштарды туюндурган. Жыйынтыгында биздин тилибиздеги артикуляциялык нормаларды бузганбыз»,-деп кошумчалады ал.

Тилдин таасирин артыруу үчүн жасалган реформа

Сүрөттүн автордук укугу Valery Petukhov, Gennady Popov/TASS
Image caption Казакстан 1929-жылы араб алфавиттин колдонгон. Андан соң латынчага өтүп, ал 1940-жылы кириллицага алмашкан.

«Мен латын арибине өтүүдөн эч кандай маанини көргөн жокмун. Биз көбүрөөк орус тилдүү болгондуктан мага казак тилин эски ыкма менен кириллицада үйрөнүү жеңил»,-дейт Эрик.

Ал эми Айгүлдүн мисалында, латынчага өтүү тескрисинче тил үйрөнүүсүн тездетип, түрткү берүүдө.

«Мен болсо homo sovieticus дегендей, советтик мектепте, советтик бала бакчада тарбиялангамын. Ал жылдары казакча тайпалар жок эле да. Азыр эми кириллицадан латынчага өтүп жатканы казак тилин олуттуу окуп үйрөнүүгө түрткү болду»,-дейт ал.

Бирок алфавиттин алмашуусу чоң кыйынчылыктар менен коштолоору турган кеп.

Казакстан 1929-жылы араб алфавиттин колдонгон. Андан соң латынчага өтүп, ал 1940-жылы кириллицага алмашкан. Эми кайрадан латынчага өтүү боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Ал 2025 -жылга барып бүтүшү керек.

Коомдогу эки ача пикирлер

Сүрөттүн автордук укугу akorda.kz

Латынчага өтүүдөгү оорчулуктар алфавитти түзүүдөн башталды.

Коомчулукка чыккан варианты сын-пикирлерге кабылды. Казак тили үчүн ылайыкташтырылган тамгалар пикир келишпестиктердин негизги себеп болду.

Алфавитти иштеп чыккандар латынчада жок болгон казак тилиндеги айрым тыбыштар үчүн атайын белгини иштеп чыкпоону туура көрүшкөн.

«Жаңы технологиялардын доорунда биз компьютердеги бар белгилерди колдонуп, түзгөнгө аракет кылдык. Муну менен колдонуучулар кайсыл компьютерден болсо деле жазып кете алмак»,-дейт Кажибек. Бирок түзүүчүлөр жаңы технологиялык доорду эске алганы менен айрым жагдайларды эсепке албай коюшкан.

Алфавиттин түзүүчүлөрү эки вариантты талкуулашкан. Ал жерде даяр латын графикасына кошумча белгилерди киргизүү зарылдыгы жок деп эсептешкен. Бул - диграфа жана апострофтор.

Биринчи вариантта эки тамга бир тыбышты билдирет. Мисалы «ае» тамгалары «ә» деген тыбыш. Бирок айрым жарандар бул ыкма сөздү узартып, аны окуганды татаалдаштырып жатканына нааразы болушууда.

Ошондой эле, бул ыкма сөздүн маанисин дагы өзгөртөт деген пикир айтылууда. Бул сәбiз (сабиз) деген сөз нааразылыктын символуна айланды. Латын ариптерин колдонгондо сәбiзsaebiz деп жазылат. Аны айрымдар орус тилиндеги орой сөгүнгөн сөз менен алмашырып алышы ыктымал.

Диграфалар менен вариантын кийин башкага алмаштырышты. Ал апострофторду колдонуу менен түзүлгөн вариант эле. Мына ушунусу президенттин октябрдагы жарлыгы менен бекитилген. Бирок бул чечим деле сын пикирлерди кайра күчөтүп жиберди. Мындай алфавитте көп сөздөр эки, үч же андан коп апострофдордон турат. Бул ыңгайсыз жана одоно деп чыкты сынчылар. Жөнөкөй эле иә - «ооба» деген сөзгө эки апостроф керек: i'a'.

Жыйынтыгында түзүүчүлөр президенттин жарлыгы менен бекитилген вариантына дагы өзгөртүүлөрдү киргизсе болорун билдирип жатышат.

«Бул ушуну менен чекит коюлду деген сөз эмес,-дейт Кажибек. - Алфавит кынтыксыз болушу үчүн жана ага көнүү үчүн бул иштин башталышы гана». (AbA)

Тектеш темалар