Араб өлкөлөрү Иерусалим боюнча АКШны чечимин өзгөртүүгө чакырды

Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде үч күндөн бери башаламандык уланып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде үч күндөн бери башаламандык уланып жатат.

Жыйырмага жакын араб өлкөлөрү Иерусалим боюнча АКШны чечимин өзгөртүүгө чакырып, мунун арты Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктарга алып келиши мүмкүн деп билдирүү жасады.

Араб өлкөлөрүнүн лигасынын Тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүндө, эми АКШнын чөлкөмдөгү тынчтыкка жетүүдөгү ортомчулук ролуна ишеним жоголду деп айтылган.

Билдирүү жасаган 22 өлкөнүн арасында АКШнын жакын союздаштары да бар. Кайрылуу Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде үч күндөн бери башаламандык уланып жаткан учурда жасалды.

Каршылык акцияларына жүздөгөн кишилер чыгып, башалмандыктар учурунда төрт кишинин каза тапканы кабарланууда.

Палестиналыктар менен израилдиктердин ортосундагы бул эң талылуу маселе боюнча АКШ ондогон жылдар нейтралдуу позицияны карманып келген эле. Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу менен Трамп шайлоо алдындагы убадасын аткарды.

Араб өлкөлөрүнүн лигасынын резолюциясы бир нече саатка уланган сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашылды. Аны АКШнын союздаштары Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Иордания дагы колдоду. Буга чейин алар Трамптын чечими боюнча тынчсызданууларын дагы билдиришкен.

Эмне үчүн Трамптын билдирүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатат?

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Иерусалимдин макамы боюнча маселе жаңжалдашкан эки тарап үчүн тең талылуу бойдон кала берүүдө.

Израил көп жылдан бери эле Иерусалимди өзүнүн борбору катары санап жүрөт. Ошол эле учурда 1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил тарабынан басып алынган Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн палестиналыктар болочоктогу өлкөсүнүн борбору катары көрөт.

Иерусалимде иудейлер, христиан жана мусулмандардын ыйык санаган жайлары бар.

1967-жылы Чыгыш Иерусалимди Израил басып алып, кийин 1989-жылы аннексиялаган. Бирок шаарды бир дагы өлкө Израилдин борбору катары тааныган эмес.

Чыгыш Иерусалимде болжолу 330 миңдей палестиндер жана көчүрүлүп келген 200 миң чамалуу жөөттөр жашайт.

1993-жылдагы макулдашууга ылайык Иерусалимдин макамы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында аныкталышы керек. Бирок мындай сүйлөшүүлөр 2014-жылы туңкуюкка кептелди. Дональд Трамп өзүнүн чечими менен бул сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан АКШнын ролун жокко чыгарды дейт палестиналык өкүлдөр. (AbA)

Тектеш темалар