Нетаньяху: палестиналыктар Иерусалим тууралуу реалдуулукту кабыл алышы керек

Премьер-министр Нетаньяху

Премьер-министр Нетаньяху палестиналыктарды Иерусалим Израилдин борбор шаары болгонун кабыл алууга чакырып, ал аркылуу тынчтыкты карай жылса болот деп билдирди.

Нетаньяхунун айтымында Иерусалим үч миң жылдан бери Израилдин борбор калаасы болгонун жана башка "бир да мамлекеттин борбор шаары" катары колдонулбаганын белгиледи.

Ал тапта Араб жана басымдуу бөлүгү мусулман болгон бир нече мамлекет АКШнын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааныганына нааразы болуп, бир нече өлкөдө демонстрациялар өттү.

Жекшемби күнү АКШнын Ливандагы элчилигинин алдында коопсуздук кызматкерлер менен демонстранттардын ортосунда кагылышуулар да болду.

Иерусалимдин өзүндө палестиналык Израилдин коопсуздук кызматкерин автобус бекетинде бычактап, камакка алынды.

Палестинанын расмийлери АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен пландалган сүйлөшүүлөрдөн баш тарткандан кийин, вице-президенттин басма сөз катчысы бул жаңылыкка өкүнгөнүн маалымдады. Египеттеги мусулман жана христиан диний лидерлери дагы нааразылыгын билдирип, Пенс мырза менен жолугушуудан баш тартканын жарыялашты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эки лидердин ортосундагы кайым айтышуу

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында өткөн демонстрацияда сөз сүйлөп, Иерусалимди "жаш балдарды өлтүргөн" мамлекеттин колуна бербейбиз деп айтты.

Израилдин премьер-министри болсо Түркиянын лидери "Израилди бутага алды" деп билдирди.

"Мен өз мамлекетинде күрттөрдү абадан бутага алган, журналисттерди камаган, Иранга санкцияларды айланып өтүп, террордук топторго көмөк көрсөтүүгө жардам берип, күнөөсүз адамдарды өлтүргөн лидерден акыл уккум келбейт", -деди Нетаньяху.

Эрдоган Иерусалимдин макамын өзгөртүү "кызыл чектен өткөндүк" деп белгилеп, Түркия Израил менен дипломатиялык мамилелерин үзүшү ыктымал деп эскертти. Түркия менен Израил бир жыл мурун эле дипломатиялык алакаларын жанданткан.

Тема боюнча башка макалалар