Cанариптик өкмөт: дүйнө жүзү Эстониядан үлгү алышы керекпи?

1,3 калкы бар балтикалык өлкө Эстония 1997-жылдан баштап бүтүндөй өкмөттү онлайнга өткөрүү үчүн катуу эмгек сарптап жатат. Сөз жок, бул мыкты идея. Бирок аны ишке ашыруу өтө татаал эмеспи?

Цифровая Эстония Сүрөттүн автордук укугу iStock

Казыналык мекемелердеги узун-узун кезектер, кагазды толтуруп, анан чиновниктердин эшигин түртмөй баарыбызга эле көндүм болуп калган.

Мындай тажатма кезектерде олтуруп алтындай убактыңызды эмнеге сарптайсыз? Менимче, көпчүлүгү телефонун чукулаганга өтөт болуш керек. Электрондук почталарын текшерип, социалдык тармактарга бирдеме жазып, балким «Твиттерге» кезек күтүү сиз үчүн кандай тажатма болуп жатканын дагы жазып жиберишиңиз мүмкүн. Эмнеге бул кагаздарды түз эле смартфон аркылуу толтурганга болбосун? Анан жообун кайра эле онлайн аркылуу алса болобу?

Эмне үчүн технологиянын доорунда, логиндер башбармактын изи менен ачылып, телефон аркылуу видео отчеттор жүрүп жатса, сиз болсо смартфон аркылуу эле экрандан колуңузду ары-бери шилтөө менен мамлекеттик мекемелердеги формалдуу сурооңузду чече албайсыз?

Эстонияда мындай кылганга мүмкүнчүлүк бар.

Бул өлкөдө качандыр бир «Скайпты» ойлоп табышкан. Эми болсо 100 пайыз санарипке өтүүгө умтулуп жатат.

Финляндия, Япония жана Кипр Эстониядан үлгү алууда. Сүрөттүн автордук укугу E-residency
Image caption Финляндия, Япония жана Кипр Эстониядан үлгү алууда.

Эксперттер эстон өкмөтүнүн e-Estonia деп аталган долбоорун - өкмөттүн өзүнүн көпчүлүк кызматтарын интернет-платформага ийгиликтүү өткөргөнүн бүтүн дүйнөгө мисал болуп бере турган аракет катары баалашты.

Е-Estonia сайтында бул программа электорондук мамлекетти (e-state) өнүктүрүүнүн уландысы деп белгиленген.

Е-Estonia 1997-жылы ишке киргизилген. 2000-жылдан жарандар бул жерден салыктарды төлөй башташкан. Азыркы учурда эстондордун 95 пайызы салыгын так ушундай төлөйт. Онлайн аркылуу дарыларга рецептерди, анализдердин жыйынтыгын алганга мүмкүн. Ал тургай керектүү документтерге интернет аркылуу кол коюп, шайлоого да добуш бере алышат. Эстонияда жашаганга укук алуу үчүн чет элдиктерге ушул эле интернет кызматынан пайдалануу сунушталат.

«Учурда бул маалыматтардын баары өлкөнүн ичинде сакталат,-деп айтып берди e-Estonia басма сөз катчысы Анна Пиперал. - Бирок биз мамлекеттик маалыматты электрондук түрдө сактоо боюнча иштеп жатабыз. Резервдик копиялары дүйнөдөгү өлкөнүн элчиликтеринде болот».

Бул жерден эстондор жалгыз эмес. Финляндия, Япония жана Кипр булардан үлгү алып жатат. Салык төлөө боюнча өздүк санариптик платформасын түзүү үчүн айрым эстон компаниялары менен кызматташкандары да бар же болбосо буга чейинки Эстониянын даяр иштелгенин алгандары бар.

«Бул өлкө башкаларга салыштырганда чоң прогресске жетишти»,-дейт Вашингтондогу Брукинг институтунун алдындагы аналитикалык борбордун директору Даррел Уэст.

Cанариптик өкмөт программасы жумуш орундарын түзгөнү менен дагы жакшы. Системаны кармап туруш үчүн техникалык адистер талап кылынат.

«Бизге көбүрөөк инженерлер, дизайнерлер, бета-тестерлер, программисттер, копирайтерлер, социалдык тармактар боюнча эксперттер, веб-түзүүчүлөр керек», - деп белгилейт Анна Пиперал.

Эстонияда башкаруу жана интернет боюнча көпчүлүк адистер абдан жогору бааланат жана бул өлкөнү алгачкы карлыгач катары дагы атап жүрүшөт.

Оксфорд институтунун интернет жана коомдук мамиле боюнча профессору Хелен Маргеттстин айтымында, советтик доор бүткөндөн кийин (1991-жылы) Эстония эскинин баарынан баш тартып, нөлдөн баштоону чечти. Маселен, кагаздан арылуу боюнча.

«Мына ушуну менен алар башкаларга салыштырганда бир топ алдыга кетти»,-деп белгилейт Маргеттс.

Эстония биринчилерден болуп чет элдик жарандарга элекрондук жарандык сунуштаганын айтат. Кайсыл өлкөнүн жараны болбосун санариптик жеке күбөлүк жана онлайн кызмат көрсөтүүлөргө кирүүгө мүмкүндүк алат. Сүрөттүн автордук укугу E-Residency
Image caption Эстония биринчилерден болуп чет элдик жарандарга элекрондук жарандык сунуштаганын айтат. Кайсыл өлкөнүн жараны болбосун санариптик жеке күбөлүк жана онлайн кызмат көрсөтүүлөргө кирүүгө мүмкүндүк алат.

Биз мындай дүйнөдө жашап жатабыз, миңдеген фейсбук колдонуучулардын профилин же электрондук почтасын бузуп кетиптир, кредиттик картанын маалыматтары, банк картасындагы сыр сөздөр уурдалыптыр деген кабарларды аптасына бир жолу укпасак кулагыбыз дүлөй болот го.

Кишилер өздөрү тууралуу жашыруун маалыматтарды мындай бузуп кетүүгө мүмкүн болгон жерде - онлайн-платформада сакталышына кантип ишенишет?

2014-жылы Мичиган университетинин (АКШ) окумуштуулары эстондук онлайн-добуш берүү системасынын канчалык корголгону боюнча иликтөө өткөрүшкөн. Иликтөөдөн кийин алар бул системадан дароо баш тартууну сунушташкан.

Бирок e-Estonia добуш берүү системасы мыкты корголгон деп ишендирет. (Бул күбөлүк шайлоо учурунда гана эмес, маселен банк операцияларын ишке ашырууда да колдонулат).

Е-Estonia өкүлдөрүнүн айтымында, колдонулган блокчейн технологиясы (өздүк маалыматтардык сактоо жолу- котормочунун эскертүүсү) - «эч ким, хакерлер дагы, системалык администраторлор, ал тургай өкмөттүн өзү» бул маалыматтарды бурмалашына жол бербейт.

«Киберкоопсуздук сизде баардыгы бир платформада болгондо жабыркайт»,-деп белгилейт Уэст. Ал 2007-жылы болгон окуяны эске салды.

Анда көптөр муну Орусия менен Эстония ортосундагы биринчи киберсогуш деп эсептеген. Анда банктарда серверлер иштен чыгып, банкоматтар иштебей калган. Эстондук ММКлардагы журналисттер капылеттен эле макалалары сайтка жүктөлөй калганын айтып чыгышкан дейт Би-би-си кабарчысы Дэмьен Макгиннесс.

Батышта 2007-жылдагы орусиялык киберчабуулду метериалдык инфраструктурага урулган бомба чабуулунун эквиваленти катары баалашкан.

Дүйнөдөгү көп өкмөттөр киберкоопсуздуктан улам интернет аркылуу добуш берүүгө өтүүдөн кооптонушат. Муну менен катар эле башка өлкөлөрдүн шайлоосуна Орусиянын таасир этүүсүнөн чочулоо бар. Деген менен e-Estonia өкүлү Анна Пиперал өлкөнүн добуш берүү системасы бир да жолу бузулбаганын айтып, балким мунун себеби системанын бир гана компьютердик программа менен башкарылганында болсо керек дейт. Айталы, миллион машина менен (АКШдагыдай) башкарылса анын бирин бузуу оңой, ал эми бир эле программа болсо, анын коопсуздугуна көңүл буруу жеңил болот.

Cанариптик өлкө программасы жумуш орундарын түзгөнү менен дагы жакшы. Сүрөттүн автордук укугу E-Residency
Image caption Cанариптик өлкө программасы жумуш орундарын түзгөнү менен дагы жакшы.

Мындан сырткары Уэст шайлоого таасирин тийгизе турган башка толтура каражаттар бар дейт. Жалган жаңылыктар, маалыматты бурмалоо өнөктүктөрүн жүргүзүү, калптан куралган жарнамалар жана соцтармактар аркылуу чабуул.

Эми Эстония муну кантип ишке ашырып жатат? Башкаларга үлгү боло турган кандай жагдайлары бар?

Эстония чакан өлкө, 1,3 млн чамалуу калкы бар. Бул жагынан алганда Эстонияны батыштагы чоң өлкөлөр менен салыштыруу мүмкүн эмес. Улуу Британия же АКШны алсак, бул жерде салыштыруу алма менен апельсинди салыштыргандай болор эле.

Британдык же америкалык башкаруу системасы көбүрөөк татаал жана баш айланта турган. Бир нече департаменттер бар, сиз өлкөнүн кайсыл аймагында экениңизге карап мыйзамдар өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мамлекет канчалык чоң болсо Эстониядагыдай бирдиктүү платформа түзүү ошончолук татаал болот.

Мисалы, чоң өлкөлөрдө расмий түрдө бир нече тил болушу мүмкүн. Албетте, бул жагдай дагы ишти татаалдаштырат. Өлкө чакан жана басымдуу бир улуттуу болсо, системанын иштеп кетиши жеңил болот. Cанариптик өкмөт биринчи кезекте жарандар үчүн жакшы шарттар.

Ошондуктан кыйынчылыктарга карабастан акырындап буга умтулуу улана берет. (AbA)

Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуздар.

Тектеш темалар