Кыргызстан менен Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын биргелешип пайдаланат

Сүрөттүн булагы, google
«Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда жактырды»,-деп кабарлады Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
"Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө",-деп айтылат расмий билдирүүдө.
Орто-Токой суу сактагычы кыргыз-өзбек чек ара тилкесининен 13 чакырым ичкери, Кыргызстандын аймагында. Жалып аянты 850 гектарды түзөт. Учурунда аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, узак убакыт ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген эле. Буга чейин суу сактагычты өзбек сакчылары кайтарып турган.
Өткөн жылы жазында Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки "КамАЗ" киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган окуя катталган эле. Серепчилер бул окуянын түпкү себебин дал ушул Орто-Токой суу сактагычына байланыштырганы бар. Себеби мындан мурун Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан өз менчигине алуу тууралуу чечим чыгарган.
Чек арадагы чыңалган кырдаал Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жакшыра баштады. Талаштуу тилкелер боюнча тараптар орток пикир табылганын дагы айтып келе жатышат.
Октябрдын башында экс-президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барган учурунда Орто-Токой боюнча боюнча макулдашууга кол коюлганы белгилүү болгон. (AbA)