Нью-Йорктогу жардырууга шектүү тууралуу эмне белгилүү?

Нью-Йорктун Манхэттен аймагынын чыгыш бөлүгү Сүрөттүн автордук укугу EPA

Дүйшөмбүдө Нью-Йорктун Манхэттен аймагынын чыгыш бөлүгүндө жанкечти колго жасалган жардыргычты жардырып жиберди.

Бир нече киши жаракат алды. Бийлик бул окуяны теракт деп атап, иликтөөгө алууда.

Шектүүнүн өздүгү

Нью-Йорктун полициясы чабуул жасаган жанкечти Бруклинде жашаган 27 жаштагы теги бангладештик деп кабарлады. Ал АКШга жети жыл мурун F43 визасы менен келген. Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда мындай түрдөгү виза эгерде агасы же эжеси америкалык жаран болсо гана берилет.

"Ички коопсуздук боюнча министрлик шектүү 2011-жылы АКШга үй-бүлөлүк иммиграциялык F43 визасы басылган паспорт аркылуу келгенин тастыктады",-деди АКШ президентинини басма сөз катчысы Сара Сандерс.

Бангладештин полициясынын башкы инспектору Шахидула Хоканын айтымында, акыркы жолу Улла сентябрь айында Бангладешке келип кеткен. Бангладеш бийлиги Акайед Улланын мурда криминалга байланышкан учурлары болбогонун айтты.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Момент взрыва в Нью-Йорке

Кол салуунун мотиви

Жардыруу эрте мененки саат 7:30 да автобус терминалына өтө турган өтмөктө орун алган. Полициянын маалыматына караганда, Улланын «колго жасалган жардыргычынын сапаты төмөн болгону» белгилүү болду. Ал аны атайын жардырган деп айтылат полция билдирүүсүндө.

Нью-Йорктун өрт өчүрүү кызматы шектүүнүн денеси күйүк менен жаракат алганын айтты. Ошондой эле ага жакын жердеги үч киши жаракат алган.

New York Times басылмасы Улла өткөн жылы Берлиндеги Жаңы жылдык жарманке учурундагы чабуулга шыктанып, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна урган соккусу үчүн АКШдан «өч алгысы келген» деп жазды.

Маалыматтарга караганда шектүүнүн экстремисттик уюмга түздөн-түз тиешеси болгон эмес. Шектүү Манхэттендеги ооруканага жеткирилген.

Октябрда эле 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов Нью-Жерсиден ижарага алган жүк ташыган унаа менен Нью-Йорктун борборунда ондогон кишилерди тебелетип кеткен. Алардын сегизи каза таап, 12 киши жаракат алган эле. (AbA)

Тектеш темалар