Париж саммитинде жашыл технологияга басым жасалды

Арктика

Окумуштуулар Арктика жылууланып жатканын жана мурдагы температурага жакын арада кайтып барбайт деп белгилешүүдө.

Арктиканы изилдеген топ 12 жыл катары менен баяндамасын жарыялоодо. Ага ылайык, Арктикадагы температура жылуулана берет. Топтун жетекчиси "адам баласы муздаткычтын эшигин ачык таштады" деген мүнөздөмө берди.

Ал тапта, 12-декабрда Дүйнө лидерлери Париж шаарында чогулуп, эки жыл мурун кол коюлган глобалдык жылуулануу боюнча келишимди ишке ашыруу жолдорун талкууга алышты.

Бул жолку жыйынга АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан жок. Трамптын чечими менен АКШ Париж келишиминен июнь айында чыгып кеткен.

Трамп климаттын жылуулануусун "алдамчылык" деп атаганы бар.

Калифорниянын мурдагы губернатору Арнолд Шварцнеггер саммитке велосипед тээп келди. Ал америкалыктардын көбү Париж келишимин колдойт деп белгиледи.

"Жеке компаниялар, жарандык коом, окумуштуулар жана инженерлер келишимди четке каккан жок. Алар дагы деле колдойт. Дональд Трамп гана келишимден баш тартты. Сиздер ага тынчсызданбаңыздар. Биз суб-мамлекеттик деңгээлде келишимдин талаптарын аткара беребиз", -деди Арнольд Шварцнеггер.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES

Франциянын президенти Эммануэл Макрон болсо, АКШ Париж келишиминдеги талаптарды аткарат деген үмүтүн билдирди. Ал журналисттер менен маегинде Трамп Париж келишиминен чыгып ката кетирди деген пикирин айтты.

"АКШ бул дөө-шаа өкмөт жана улуу мамлекет. АКШ Париж келишимине кол койгон. Ал себептен бир тараптуу келишимден баш тарканы өтө агресивдүү кадам. Алар башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дагы мүмкүнчүлүк берген жок", -деди Макрон.

Франциянын президенти чечкиндүү кадамдарга азыр барып, жашыл технологияны өнүктүрүү зарыл экендигин дагы белгиледи.

Саммиттин катышуучулары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашыл технологияны колдонууга каражат топтоону көздөйт. Ал аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр мөңгүлөрдүн эрип жатканы, деңиздин деңгээлинин көтөрүлүп жатканы менен, кубаттуу бороон, суу-ташкын, аптап жана кургакчылык менен күрөшмөкчү.

Өнүккөн өлкөлөр миллиондогон долларды өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге бөлүп берүүгө макул болгон.

Бул долбоор 2020-жылга чейин ишке ашып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр көмүрдүн оордуна жашыл технологияларды колдонуп калат деген үмүттөр айтылууда.