Путиндин талапкерлигин "Бирдиктүү Орусия" көрсөтпөйт

Орусиянын президенти Владимир Путин алдыдагы шайлоодо талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтөт. Бул тууралуу жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында билдирди. Сүрөттүн автордук укугу Tass

Орусиянын президенти Владимир Путин алдыдагы шайлоодо талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтөт. Бул тууралуу жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында билдирди.

"Албетте, өлкөнү өнүктүрүү боюнча менин көз карашымды бөлүшкөн, мага ишенген саясый күчтөрдүн колдоосуна жана негизгиси жарандардын кеңири колдоосуна таянам»,-деди Путин.

Путиндин талапкерлигин көрсөтүүсү кандай формада болору жергиликтүү саясат талдоочулар менен ММКдагы 2018-жылдагы шайлоого байланышкан интригалуу суроолордун бири болуп жаткан эле.

Буга чейин Путин президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен дагы (2000- 2004-жылдары) жана "Бирдиктүү Орусиянын" талапкери (2012-жылы) катары дагы катышканы бар.

"Бирдиктүү Орусия" Путин кандай формада талапкерлигин көрсөтсө дагы анын өнөктүгүнө катыша турганын билдирген. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 300 миң кол топтошу керек болот. Андан сырткары талапкерди 500дөн кем эмес кишиден турган демилгелүү топ колдоого алышы керек.

Сүрөттүн автордук укугу Tass/sergey bobylev
Image caption Президенттик шайлоого катышарын билдирген теле алып баруучу Ксения Собчак Путиндин басма сөз жыйынына журналист катары аккредитациядан өткөн.

Жергиликтүү "Ведомости" басылмасы өз булактарына шилтеме берип, демилгелүү топко Думанын депутаттары, аттуу-баштуу саясатчылар кирерин жазып чыкты. Бир эле «Бирдиктүү Орусиянын» эмес, башка партиялардан дагы депутаттар болот. Анын ичинде парламентте оппозиция саналган фракциялар, ошол эле "Акыйкат Орусия" дагы бар. Мындай жол менен "Акыйкат Орусия" өзүнүн лидери Сергей Мироновдун талапкерлигин алып чыкпайт деп айткан гезитке маалымат берген булак.

Путиндин талапкерлигин колдогон демилгелүү топтун ичинде белгилүү коомдук ишмерлер жана аймактык активисттер, спорт жана маданияттын белгилүү өкүлдөрү бар.

Буга чейин партиялык лидерлердин ичинен шайлоого РЛДП лидери Владимир Жириновский, "Яблока" негиздөөчүсү Григорий Явлинский, Өнүгүү партиясынан Борис Титов катышарын билдирген. Мындан сырткары белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси Алексей Навальный шайлоого барарын айтып чыкты. Бирок бийлик ал соттолгондуктан шайлоого катыша албай турганын эскертүүдө.

Бирок Путин азырынча курч атаандашын көрбөй тургандай.

"Биз татыктуу көп кишини көрүп турабыз, бирок атаандаштарды көрбөй турабыз. Менин жеке көз карашымда, Путиндин атаандашы али быша элек»,-деген "Россия 24" телеканалына берген маегинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Ошондой эле ал Путин эч качан атаандаштары менен шайлоодогу дебаттарга катышпаганын айтып өткөн.

Федерация кеңеши шайлоо күнүн жарыялагандан кийин гана талапкерлерди көрсөтүү башталат. Бул жума күнү белгилүү болот деп күтүлүүдө. (AbA)

Тектеш темалар