MSF: Бир айда миңдеген рохинжа мусулмандары өлтүрүлдү

Чек арасыз дарыгерлер уюму 647,000 ашуун рохинжа мусулмандары аргасыз Банладешке жер которгонун маалымдады.
Image caption Чек арасыз дарыгерлер уюму 647,000 ашуун рохинжа мусулмандары аргасыз Банладешке жер которгонун маалымдады.

Чек арасыз дарыгерлер уюмунун айтымында, Мьянмада август айындагы коогалаңда 6,700 рохинжа мусулманы каза тапкан.

Бангладештеги рохинжа качкындар арасындагы сурамжылоого ылайык, Ракхайн аймагындагы коогалаңда Мьянманын расмийлери жарыялаган сандан бир топ көбүрөк адам көз жумган. Мьянманын расмийлери кагылышууларда 400 адам каза тапканын жарыялаган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Рохинжа качкындарынын абалы

Чек арасыз дарыгерлер уюму 647,000 ашуун рохинжа мусулмандары аргасыз Банладешке жер которгонун маалымдады.

Уюмдун сурамжылоосу Мьянмада 25-августтан 24-сентябрга чейин 9 миң рохинжа мусулмандары каза тапканын аныктаган. Чек арасыз дарыгерлер уюму кеминде 6,700 адам зомбулуктан каза болгонун белгилеп, алардын арасында 730 жаш бала бар экенин маалымдашууда.

Буга чейин Мьянманын армиясы 400гө жакын адам каза тапканын, алардын көбү террордук топторго мүчө болгонун кабарлаган.

Эл аралык кылмыш соту териштирүү жүргүзүшү керекпи?

Image caption Чек арасыз дарыгерлер уюму Мьянманын аскердик операциясы катаал болгонун жана аны Эл аралык кылмыш соту тергөөгө алып, адамзатка каршы кылмыш жасалдыбы же жокпу иликтениши керек деген пикирде.

Журналисттер жана изилдөөчүлөрдүн качкындар менен болгон маегинде адам укуктары тебеленгени тууралуу так маалыматтар бар.

Рохинжа мусулмандары коопсуздук кызматкерлердин колунда зордук-зомбулукка кабылганы бышык. Бирок тергөө иштеринин көбү үрөй учурган окуяларга негизделген. Би-Би-Синин аймактагы кабарчысы Жонатан

Хеддин айтымында, Бангладешке аргасыз жер которгон качкындардын көбү зомбулуктан кооптонуп качкан.

Чек арасыз дарыгерлер уюму Мьянманын аскердик операциясы катаал болгонун жана аны Эл аралык кылмыш соту тергөөгө алып, адамзатка каршы кылмыш жасалдыбы же жокпу иликтениши керек деген пикирде.

Бирок Мьянма Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун кабыл алган эмес. Демек, мамлекет Эл аралык кылмыш соту менен кызматташуудан баш тартышы ыктымал.