Белоруссия Украина чыгышындагы жаңжалга катышкан жаранын соттоду

Белоруссия мыйзамдары боюнча жарандарынын чет өлкөлөрдөгү куралдуу жаңжалга катышуусуна тыюу салынган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Белоруссия мыйзамдары боюнча жарандарынын чет өлкөлөрдөгү куралдуу жаңжалга катышуусуна тыюу салынган.

Белоруссиянын Гомел шаарынын облустук соту 29 жаштагы Виталий Котлобайды Украина чыгышындагы өзүн-өзү «Луганск элдик республикасы» жарыялаган аймакта аскердик уюшмаларга катышкан деп эки жылга эркинен ажыратты.

Бул украиналык жаңжалга аралашты деп «жалданмачылык» беренеси менен соттолуп, эркинен ажыраткан Белоруссиядагы биринчи сот чечими болду.

Укук коргоочулардын айтымында, 29 жаштагы белорус жаранын өлкөнүн атайын кызматтары таап чыкты. Далилдерди топтоп, иликтөө жүргүзүү жагын Тергөө комитети алып барган.

Белгилүү болгондой Виталий Котлобай Украина чыгышындагы ЛЭР аймагына орусиялык чек ара бекети аркылуу өтүп барган. ЛЭРдеги куралдуу уюшмаларга, тагыраагы казак полкуна 2015-жылы барып кошулган экен.

Ушул жылдын башында кайра кичи мекенине кайтып келүүнү чечкен. Прокурорлор сот жүрүшүндө айыпталуучу казак полкунда катардагы жоокер катары кызмат кылып, кызматтык күбөлүгү, ок атуучу куралы, атайын аскер формасы болгонун тастыктаган. Ошондой эле бир жылга чукул аскердик окууларга, ок атууга, аскерлештирилген иш-чарларга катышып турган дейт.

Айыпталуучу куралы болбогонун жана аскердик жүрүштөргө катышпаганын, аскер кызматкери болбогонун айтып, айыптоону четке каккан. Ал соттогу көрсөтмөсүндө, орусиялык коомдук бирикме аркылуу гуманитардык миссия менен баргам деди. Ал жакта гумжардамдарды бөлүштүрүп, маалыматтык роликтерди жасоого, ЛЭРдеги куралдуу эки бөлүктөгү аскер кызматкерлеринин маалыматтык базасын түзүүгө катышканын айтууда.

Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, бул кылмыш иши 11-декабрда ачык соттук жыйында каралган. Бирок журналисттер дээрлик болгон эмес. (AbA)

Тектеш темалар