Орусия президенттик шайлоонун датасын расмий жарыялады

Орусиянын Федерация кеңеши 2018-жылдагы президенттик шайлоонун датасын белгиледи. Эми талапкерлердин катталып, кол чогултуш үчүн алдыда бир жарым ай убакыт бар. Сүрөттүн автордук укугу ANTON NOVODEREZHKIN/TASS

Орусиянын Федерация кеңеши 2018-жылдагы президенттик шайлоонун датасын белгиледи. Эми талапкерлердин катталып, кол чогултуш үчүн алдыда бир жарым ай убакыт бар.

Сенаторлор шайлоо датасын 18-мартта өткөрүү боюнча сунушту бир добуштан колдоду деп жазып чыкты орусиялык Интерфакс агенттиги. Бул токтом расмий басылмага жарыялангандан кийин президенттик шайлоо өнөктүгү башталат. Дүйшөмбүдө 18-декабрь күнү жарыяланат деп айтылды расмий маалыматта.

Буга чейин шайлоо марттын башында өткөрүлүп келгени бар. Бирок өткөн жылы бул датаны эки аптага жылдыршып, шайлоону 18-мартта өткөрүшкөн. Бул дата Крымдын Орусиянын курамына кирши боюнча келишим кабыл алынган күн. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Крымды аннексияланган аймак катары тааныйт.

Шайлоо датасы белгилүү болгондон кийин талапкер катары жарышка чыга тургандар январь башына чейин (эгер өзүн-өзү көрсөтсө) демилгелүү топторду түзөт. Партиялар болсо курултай аркылуу талапкерлерин аныкташы керек.

Андан кийин 1-февралга чейин шайлоочулардын колун топтошу керек. Партиянын талапкерлери 100 миң, өзүн-өзү көрсөткөндөр 300 миң кол топтойт. Мындан кийин он күндүн ичинде БШК талапкерлерди каттоого алат.

Талапкер болом дегендерден кимдер белгилүү?

Азыркы президент Владимир Путин шайлоого катышарын билдирген. Эгерде утуп чыккан болсо төртүнчү ирет президенттик бийликке келет. Мунун алдында эле Путин талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен барарын айтты.

"Албетте, өлкөнү өнүктүрүү боюнча менин көз карашымды бөлүшкөн, мага ишенген саясый күчтөрдүн колдоосуна жана негизгиси жарандардын кеңири колдоосуна таянам»,-деди Путин.

Шайлоого катышуу ниетин белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак билдирген. Ал өзүн «баарына каршы» чыккан талапкер атаган. Аны Кремль тарабынан колдоого алынган талапкер катары дагы мүнөздөгөндөр бар. Ал мындай пикирлерди кескин чет кагып келет. Расмий түрдө анын талапкерлигин «Граждандык күчтөр» партиясы көрсөтүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси Алексей Навальный шайлоого барарын айтып чыкты. Бирок БШК ал соттолгондуктан шайлоого катыша албай турганын эскертүүдө.

Буга чейин партиялык лидерлердин ичинен РЛДП лидери Владимир Жириновский, "Яблока" негиздөөчүсү Григорий Явлинский, Өнүгүү партиясынан Борис Титов шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Жалпысы болуп азыр "кеминде 23 талапкер" катышуу ниетин айткан деди Федерация кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө БШК төрагасы Элла Памфилова. (AbA)

Тектеш темалар