Аптанын алты окуясы: Иерусалим чыңалуусу, Путиндин жүрүштөрү жана шайлоо

Өтүп бараткан аптада Иерусалимге байланышкан чыңалган окуялар дүйнөнүн көңүлүн бурду. Орусияда кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоонун датасы белгилүү болду. Кыргызстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата атайын иш чаралар өткөрүлүп, адабият күнү белгиленди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

1. Эрдоган: Иерусалимди Палестинанын баш калаасы катары тааныйлы

АКШ Иерусалимди Израилдин борбор калаасы деп тааныгандан кийин көп өлкөлөр президент Трампты кескин сынга алууда. АКШ болсо Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартпоого чакырды. Жыйырмадан ашуун араб өлкөлөрү Иерусалим боюнча АКШны чечимин өзгөртүүгө чакырып, мунун арты Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктарга алып келиши мүмкүн деп билдирүү жасады.

Араб өлкөлөрүнүн лигасынын Тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүндө, АКШнын чөлкөмдөгү тынчтыкка жетүүдөгү ортомчулук ролуна ишеним жоголгону айтылган. Билдирүү жасаган 22 өлкөнүн арасында АКШнын жакын союздаштары да бар. Ал эми Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде башаламандыктар орун алып, ондогон кишилер жаракат алды.

Шаршемби күнү Стамбулда Иерусалимдеги кырдаалга байлыныштуу чукул чакырылган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммити өттү. Негизинен Стамбулдагы жыйында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иерусалимдеги жаралган абалга тынчсыздануусун билдирип, бул Жакынкы Чыгыштагы чоң жаңжалды жаратат деп кооптонууда. Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев сөз сүйлөп, өлкөнүн позициясы дагы ушул өңүттө айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу TR

Би-би-синин Стамбулдагы кабарчысы билдиргендей, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинин катышууучуларынын баары кескин билдирүүлөр менен чыкты. Жыйында уюмдун лидерлери чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбор калаасы деп жарыялады.

"Мен эл аралык мыйзамдарды жана адилеттүүлүктү сыйлаган мамлекеттерди Иерусалим шаарын оккупацияланган Палестинанын борбор шаарын катары таанууга чакырам", -деди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Эми бул окуянын арты кандай өнүгөт, жаңжал чыгып кетүү кооптуулугу канчалык? Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон уулу менен ушул маселени талдады.

Макалын бул шилтеме аркылуу окуңуз: Иерусалим боюнча талаш радикал күчтөргө жем таштайбы?

Сүрөттүн автордук укугу Sputnik / Э. Вильчинский

2. Айтматовдун ааламы

Шейшембиде Кыргызстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш чаралар өткөрүлүп бул дата Адабият күнү катары белгиленди. Келе жаткан 2018-жылды Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаган эле. Буга ылайык уюмга мүчө өлкөлөрдө кийинки жылы ТҮРКСОЙ колдоосу менен залкар жазуучуга арналган иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көзү барында эле дүйнөнүн 174 тилине которулуп, жалпы нускасы 80 миллиондой даанада басылып чыккан. 12-декабрда Бишкектеги билим берүү жана маданий мекемелерде жазуучуга арналаган илимий жыйындар, эскерүүлөр өтүп, театрда Айтматовдун чыгармалары коюлду.

Би-би-си Кыргыз кызматы интернет сайтында жазуучуга арналган атайын баракча даярдаган эле. Бул жерде Айтматов тууралуу дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндөгү адабиятчы, жазуучулардын пикирлери, эскерүүлөр берилген. Ошондой эле "Эмне үчүн Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгын албай калган?", "Архетиптик аң-сезим жана Айтматовдун апокалиптикасы", "Айтматов жана Арагон: Залкарларды ким тааныштырган?" деген макалалар жайгаштырылды. Айтматовдун Би-Би-Си архивинде калган үндөрүн дагы ушул жерден уга аласыз.

Атайын баракчага бул шилтеме менен кириңиз: Айтматовдун ааламы

Сүрөттүн автордук укугу official

3. Президент Жээнбековдун Ташкент сапары

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөгө биринчи расмий сапары Өзбекстанга жасалды.

Мунун алдында Кыргызстан Ысык-Көл аймагындагы төрт пансионатты убактылуу колдонуу үчүн Өзбекстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлады.

"Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык өзбек тарапка ошол пансионаттар жайгашкан жерлерди убактылуу пайдалануу укугу да берилет. Аталган чечим 1994-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу Келишимдин негизинде кабыл алынды",-деп айтылат.

Ал пансионаттар Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Бостери» (мурдагы "Алтын кум"), Кара-Ойдогу «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ»), ушул эле айыл аймагындагы «Энесай» (мурдагы «Дилором»), Тоңдун Күн-Чыгыш айылындагы «Бустон». Расмий маалыматка караганда, бул объектилер турган жер тилкелери Кыргызстандын менчиги бойдон кала берет жана убактылуу колдонууга берилет. Өзбек тарап Эл аралык арбитраждык соттон өз арызын алып салуусу каралган. Аталган төрт пансионатты кыргыз өкмөтү өткөн жылы апрель башында өз менчигине өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган эле. Ушундан кийин Өзбекстан Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Жээнбековдун Ташкентке сапарын саясый талдоочулар Кыргызстандын тышкы саясаттагы артыкчылык берген өлкөсү Өзбекстан болобу деген өңүттө талкуулашты. Өзбек бийлиги Жээнбековду жогорку сый-урмат менен кабыл алды. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев тар курамда жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрүнөн кийин ММК өкүлдөрүнө өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашты.

Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылы чек ара тактоодогу жылыштарды, эки өлкө ортосундагы чек ара бекеттеринин ачылышы боюнча, кызматташтык, соода алакалары боюнча жетишилген келишимдерди тарыхый маанидеги окуя катары белгилеп өттү.

"Бүгүн биз көптөгөн маанилүү маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Биз мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча активдүү ишти улантабыз",- деди Жээнбеков. Ошондой эле ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу боюнча эки өлкөнүн жумушчу топтору ушул жылдын 25-декабрында жолугушмак болгонун айтты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алгачкы сапарларынын бирин Өзбекстанга жасагандыгы жакшы жышаан катар баалап: "Биз үчүн Кыргызстан эң жакын жана ардактуу кошуна. Бүгүн эки өлкө үчүн тарыхый күн. Бул жылыбыз дагы тарыхый жыл болду. Быйыл биз эң жогорку деңгээлде үч ирет жолугуштук. Бир жылдын ичинде биз Алмазбек Шаршенович Атамбаев менен бирге топтолуп калган бир топ маселелерди чечүүгө жетиштик",-деди.

"Биз ортодогу бардык тоскоолдуктарды жоелу деген ойдобуз. Эки мамлекеттин чек арасынан күнүнө 10-15 миң адам өтөт. Мезгил келгенде эч кандай чек ара дагы болбойт", -деген Шавкат Мирзиёев.

Коңшулаш эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки салкын мамилелерге себеп болуп келген көйгөйлөрдүн негизигиси -чек ара такташуу маселеси эле. Быйылкы жылы кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы такталганы белгилүү болгон. Чек аранын калган оор тилкелерин тактоо иштеринде орток пикир табылабы?

Бул тууралуу талдоону бул шилтеме аркылуу кирип окуңуздар: C. Аламанов: Сох анклавы кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу эң оор тилке

Сүрөттүн автордук укугу iStock

4. Cанариптик өкмөт: дүйнө жүзү Эстониядан үлгү алышы керекпи?

Казыналык мекемелердеги узун-узун кезектер, кагазды толтуруп, анан чиновниктердин эшигин түртмөй баарыбызга эле көндүм болуп калган. Мындай тажатма кезектерде олтуруп алтындай убактыңызды эмнеге сарптайсыз? Менимче, көпчүлүгү телефонун чукулаганга өтөт болуш керек.

Электрондук почталарын текшерип, социалдык тармактарга бирдеме жазып, балким «Твиттерге» кезек күтүү сиз үчүн кандай тажатма болуп жатканын дагы жазып жиберишиңиз мүмкүн. Эмнеге бул кагаздарды түз эле смартфон аркылуу толтурганга болбосун? Анан жообун кайра эле онлайн аркылуу алса болобу?

Эмне үчүн технологиянын доорунда, логиндер башбармактын изи менен ачылып, телефон аркылуу видео отчеттор жүрүп жатса, сиз болсо смартфон аркылуу эле экрандан колуңузду ары-бери шилтөө менен мамлекеттик мекемелердеги формалдуу сурооңузду чече албайсыз?

Эстонияда мындай кылганга мүмкүнчүлүк бар.

Бул өлкөдө качандыр бир «Скайпты» ойлоп табышкан. Эми болсо 100 пайыз санарипке өтүүгө умтулуп жатат.

Макаланы бул жерден окуңуз: Cанариптик өкмөт: дүйнө жүзү Эстониядан үлгү алышы керекпи?

Орусиянын Федерация кеңеши 2018-жылдагы президенттик шайлоонун датасын белгиледи. Эми талапкерлердин катталып, кол чогултуш үчүн алдыда бир жарым ай убакыт бар. Сүрөттүн автордук укугу ANTON NOVODEREZHKIN/TASS

5. Орусиянын 2018-жылдагы президенттик шайлоонун датасын белгиледи.

Бул аптада Орусиянын президенти Владимир Путиндин жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны өттү.

Мунун алдында Путин Сириядагы орусиялык Хмеймим авиабазасына барган эле. Орусия президенти Сирияда куралдуу жаңжалдашуу башталгандан бери биринчи жолу бул өлкөгө учуп келген. Алдынала маалымдалбай туруп жасалган Путиндин сапары Орусия жыл соңуна чейин Сириядагы аскердик операцияларын жыйынтыктайбы деген божомолдор айтылып жаткан учурга туш келди. Күтүлгөндой эле Путин Сириядагы орусиялык аскер күчтөрүн чыгарып кетүү процессин баштоо боюнча буйрук берди.

Орусия Сириядагы аскер операциясын 2015-жылдын сентябрь айында баштаган эле. Эксперттер Путин Сириядагы орусиялык аскер операцияларын президенттик жарышка чейин жыйынтыктоого аракет кылып жатканы тууралуу божомолдорун айтышкан эле.

"Левада-борборунун" август айындагы сурамжылоосуна катышкан респонденттердин 49 пайызы Орусиянын Сириядагы операцияларын аягына чыгаруусун колдошкон.

Путин президенттик шайлоонун алдында тынчтыктык орнотуучу катары имиджди тандап алганын да жокко чыгарууга болбойт деди Би-би-си берген маегинде саясат таануучу Аббас Галлямов.

Басма сөз жыйыны өткөндөн бир күндөн кийин Орусиянын Федерация кеңеши 2018-жылдагы президенттик шайлоонун датасын 18-мартка белгиледи. Шайлоо датасы белгилүү болгондон кийин талапкер катары жарышка чыга тургандар январь башына чейин (эгер өзүн-өзү көрсөтсө) демилгелүү топторду түзөт. Партиялар болсо курултай аркылуу талапкерлерин аныкташы керек. Андан кийин 1-февралга чейин шайлоочулардын колун топтошу керек. Партиянын талапкерлери 100 миң, өзүн-өзү көрсөткөндөр 300 миң кол топтойт. Мындан кийин он күндүн ичинде БШК талапкерлерди каттоого алат.

Бул тууралуу макаланы бул жерден окуңуз: Путиндин талапкерлигин "Бирдиктүү Орусия" көрсөтпөйт

Казакстан Сүрөттүн автордук укугу AFP

6.Казак шахтёрлорунун нааразылык акциясы

11-декабрда Караганда аймагында 700 шахтёр эмгек маянанын аздыгына нааразы болуп, нааразылык акциясын баштаган. 14-декбарда төрт башка кенде, 400гө жакын шахтёр акциясын улантып, шахтадан чыкпай койгон.

Казакстанда 2011-жылдан бери биринчи жолу ишкерлер ири акция өткөрүүдө. Алты жыл мурун Жаңы-Өзөндө мунайзат жумушчуларынын жети айга созулган нааразалык акциясы полиция менен кагылышууга алып барган.

Коопсуздук күчтөрү куралсыз кишилерге ок чыгарып, кеминде 14 киши көз жумган жана жүзгө жакыны жаракат алган. Бул окуядан кийин казак бийлиги демонстанттарга, көз карандысыз медиага жана өкмөттү сындаган оппозициялык партияларга куугунтук баштаган деген пикир дагы бар. ArcelorMittal дүйнөдөгү эң ири темир жана кен казуу копманиялардын бири. Сенбярь айында компания кесиптик кошуудар уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жарыялап, жылдын аягына чейин жаңы келишимге кол коюлат деп маалымдаган. (AbA)

Макаланы бул жерден окуңуз: Казакстанда шахтёрлордун нааразылык акциясы