Трамптын стратегиясы: Орусия жана Кытай «ревизионисттик державалар»

Трамптын айтымында, АКШнын жаңы улуттук доктринасындагы коопсуздук тармагы «төрт түркүктөн» турат. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Трамптын айтымында, АКШнын жаңы улуттук доктринасындагы коопсуздук тармагы «төрт түркүктөн» турат.

Америка күчтүү болушу керек, андай болбосо анын алсыздыгынан Орусия жана Кытай пайдаланып кетиши мүмкүн. Мындай маани дүйшөмбүдө президент Дональд Трамп алып чыккан АКШнын улуттук коопсуздук боюнча стратегиясында камтылды.

Трамптын айтымында, азыркы доордо Кошмо шататтардын алдында эки «ревизионисттик» режим - АКШнын кызыкчылыгына туура келбеген жана каршы келген Кытай менен Орусия турат.

Трамп Кытайдын глобалдык экономикалык амбициясына каршы турган пландын кандай болорун кеңири айтып берди. Бирок Москва менен кызматташтык же каршылашуу тууралуу көп сөз кылган жок. Деген менен Санкт-Петербургдагы теракты алдын алууга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген Владимир Путиндин телефон чалуусун мактап өттү.

"Биздин алдыбызда америкалык таасирге, баалуулуктарына жана байлыгына чакырык таштоого умтулуп жаткан атаандаш державалар - Орусия менен Кытай»,-деди Трамп Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө.

Ак үйдүн жарыялаган стратегияда, Москва жана Пекин экономикасын эркин жана адилеттүү кылууга, армиясын кеңейтип, маалыматты жана интернетти көзөмөлдөө, муну менен коомдук пикирди көзөмөлдөп жана өзүнүн таасирин артырууга кызыкдар экени айтылат. Тагыраагы Орусия "өзүнүн Улуу держава деген макамын калыбына келтирүүгө жана өзүнүн чек арасына жакын жерлерде таасирин орнотууга умтулуп жатат». Ошондой эле «демократиянын мыйзамдуулугуна шек келтирүү максатында маалыматтык инструменттер колдонулууда».

Трамптын айтымында, АКШнын жаңы улуттук доктринасындагы коопсуздук тармагы «төрт түркүктөн» турат.

  • Диний терроризмге каршы туруу жана миграцияны көзөмөлдөө
  • Энергетикалык өз алдынчалуулук, экономикалык коопсуздук
  • Армияны толугу менен модернизациялоо, коргоо тармагындагы миллиондогон жумушчу орундардын жана "күчкө таянган тынчтык"
  • Дүйнөдөгү Американын таасирин артыруу

"Күчкө таянган тынчтык" деген сөздү айтканды эң оболу Рим императору Адриан менен Ак үйдүн азыркы жетекчиси өтө урматтаган Рональд Рейган жактырган.

Трамп шайлоо алдындагы чакырыктарында «эң оболу Америка» дегенди бир нече ирет кайталаган.

Тектеш темалар