Британ премьеринин аппарат башчысы порнография үчүн кызматтан кетти

Дэмиан Грин Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Бул соңку эки айдагы министрлер кабинетиндеги үчүнчү чуулгандуу отставка болду.

Тереза Мэйдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, британ премьеринин аппарат башчысы Дэмиан Грин иликтөөлөрдөн кийин министрликтин протоколун бузган деп кызматтан алынды.

Формалдуу түрдө Грин өз ыктыяры менен кетти деп кабарланганы менен иш жүзүндө аны кызматтан кетүүсүн суранышкан. 2008-жылы коомдук палатадагы жумушчу компьютеринде порнография сакталганы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө Грин «жалган маалымат берген» деген тыянак чыгарган.

Грин отставкасы тууралуу катында, өзүнүн аракеттери үчүн кечирим сураган. Премьер-министр Тереза Мэй анын кызматтан кетишине терең өкүнгөнүн билдирди.

Бул соңку эки айдагы министрлер кабинетиндеги үчүнчү чуулгандуу отставка болду. Буга чейин өкмөттүн курамынан Коргоо министри Майкл Фэллон жана Эл аралык өнүгүү министри Прити Пател кеткен.

"Жосунсуз аракеттер"

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Дэмиан Грин премьер-министр Тереза Мэйдин өтө маанилүү үзөңгүлөшү жана узак жылдардан бери досу да эле

61 жаштагы Дэмиан Грин иш жүзүндө премьер-министрдин орун басары болчу. Анын жосунсуз жоруктары айыптоолордун жана иликтөөнүн бутасы болду.

Ал журналист Кейт Молтбиге асылганы, 2008-жылы коомдук палатадагы жумушчу компьютеринде порнография көргөнү тууралуу айыптоолорду четке каккан.

Ноябрдагы сөзүндө Грин компьютеринде порнография сакталганын билбегенин айткан экен. Бул актануу так эмес жана чындыкка коошпойт, ошондой эле министрдин жүрүм-турум кодексине туура келбейт деп айтылат расмий докладда.

Ошондой эле докладда, Грин менен Кейт Молтбинин жеке жолугушуулары тууралуу ар кандай бири-бирине карама-каршы келген пикирлер айтылганы менен, иликтөө айыптоонун тараза ташы журналист тарапта деген тыянакка келген.

Би-би-синин саясый маселелер боюнча баяндамачысы Лора Кюнсбергдин пикиринде, Дэмиан Грин коомчулуктун жана журналисттердин көңүл борборуна эч качан түшкөн эмес. Ал дайыма арткы планда жүргөн.

Бирок премьер-министр Тереза Мэйдин өтө маанилүү үзөңгүлөшү жана узак жылдардан бери досу да эле.

Дүйшөмбү күнү премьер-министр расмий докладды алгандан кийин, өзүнүн көз карандысыз консультантты сэр Алекс Алланга кеңеш сурап кайрылган. Ал дагы бул жерде министрдин жүрүм-турум кодексин бузууга жол берилген деген тыянакка келген. Ушундан кийин аппарат башчысы Гриндин отставкага кетүүсүн сурангандан башка Мэйдин чарасы калбады.

Бул эми анын саясый позициясын алсыратат деп айтууга да болбойт. Бирок репутациясына урулган сокку болду. Треза Мэй өзүнүн жеке сезимдери жана көз караштарын коомчулуктун алдында айтканды жактырбаган саясатчылардын бири.

Эми анын көп жылдардан бери үзөңгүлөш жүргөн досун, ишенген жакын тарпташын жоготкону британ премьерин андан бетер обочолонгон фигура катары көрсөтөт. (AbA)

Тектеш темалар