Мельбурнда унаа тебелеп, он төрт адам жарадар болду

Мельбурндун борбору Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Инцидент Флиндерс-стритте болду, ушул көчөдө атайын бетон тосмолор коюлган эле.

Австралияда Мельбурн шаарында автоунаа көчөдөн өтүп бараткан элди тебелеп, 14 адам жаракат алды. Жарадар болгондордун айрымдарынын абалы оор экени айтылууда. Кылмышка шектүү катары эки адам, анын ичинде көчөдөгү кишилерди тебелеген автоунаанын айдоочусу кармалды.

Полиция бул атайын жасалган кылмыш экенин, бирок анын эмне максат менен жасалганын тактай электигин айтууда.

Жергиликтүү басма сөздүн маалыматына караганда ак түстөгү жол тандабас унаа саатына 70 км ылдамдык менен келип, адамдар кыйма-чийме өткөн кесилиштеги топтолгон адамдарды барып сүзгөн. Ошол учурда ал жерде элүүдөй адам болгон деп айтылууда.

Күбөлөрдүн биринин айтымында, автоунаа жолундагы баарын тебелеп, токтобой койгон.

Sky News Australia телеканалынын маалыматына караганда, жабыркагандын бири мектепке бара элек бала. Ал башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Дагы бир күбө кыйкырык болгонун жана андан кийин туш тарапта жыгылып жаткан жайнаган кишилерди көргөнүн айтты.

"Биз кыйкырган үндөрдү уктук... анан ушул ак унаанын көрдүк, ал баарын сүзүп кетип баратты", - деди ал.

Австралиянын оппозиция лидери Билл Шортен "Твиттерге" окуя болгон жерден "үрөй учурган" көрүнүштөр жөнүндө жазып чыкты.

Бул окуя АКШда жана айрым Европа шаарларында болгон теракттарды эске салууда. Анткен менен полиция инцидентти иликтөө жаңы эле башталганын, айдоочунун эмне максатты көздөгөнүн тактап жатканын билдирүүдө.

Февраль айында эле Мельбурнда шаардын чок ортосунда автоунаа тебелеп алты адам курман болгон эле, бирок полиция аны теракт деп тапкан эмес. (КС)

Тема боюнча башка макалалар