БУУ Иерусалимди Израилдин борбору катары таныбоого чакырды

БУУнун Башкы Ассамблеясы араб жана мусулман өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен чукул сессияга чогулду. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption БУУнун Башкы Ассамблеясы араб жана мусулман өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен чукул сессияга чогулду.

БУУнун Башкы Ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбору катары таныбоо чакырыгы менен чыкты.

Документте Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган АКШ тууралуу түз сөз болгон жок.

Резолюцияга каршы добушту он гана өлкө - АКШ, Гватемала, Гондурас, Израиль, Маршаллов аралдары, Микронезия, Науру, Палау жана Того берди.

Ал эми резолюцияны 128 өлкө колдоду. Дагы 35 өлкө добуш берүүдөн карманды. Буга чейин Дональд Трамптын чечимин сынга алган Орусия дагы резолюцияны колдоду. Кыргызстан дагы уюмдун позициясын колдоп добуш берди.

Резолюциянын текстинде шаардын макамына байланышкан кандай гана чечим болбосун жаркасыз деп таанылары айтылган.

Башкы Ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли резолюцияны колдобоого чакырды. Кошмо штаттар «бул күндү эстен чыгарбайт» деди.

Палестин лидери Махмуд Аббастын өкүлү Набиль абу-Рудейна БУУнун чечимин кубаттап, "Палестинанын жеңиши" деп атады.

БУУнун уставы боюнча Башкы Ассамблеянын чечими символикалык жана кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ.

Мунун алдында, 20-декабрда Трамп БУУнун резолюциясын колдогон өлкөлөрдү каржылык жардамдан кур жалак калтырам деп эскерткен.

"Алар бизден жүз миллиондогон, ал тургай миллиарддаган доллар алышат, кайра бизге каршы добуш беришет,-деген президент Трамп.-Мейли, добуш бере берсин. Биз мындан катуу үнөмдөп калабыз. Бизге баары бир».

АКШнын Иерусалим макамы боюнча позициясы

6-декабрда Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдык көрүү боюнча Мамлекеттик департаментке буйрук берген эле.

Президент Трамп чечими аркылуу АКШнын Иерусалим шаарына карата ондогон жылга созулган саясатын өзгөрттү.

1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

АКШ Иерусалимди Израилдин борбор калаасы деп тааныгандан кийин көп өлкөлөр президент Трампты кескин сынга алды. АКШ болсо Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартпоого чакырган. Жыйырмадан ашуун араб өлкөлөрү Иерусалим боюнча АКШны чечимин өзгөртүүгө чакырып, мунун арты Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктарга алып келиши мүмкүн деп билдирүү жасады. Араб өлкөлөрүнүн лигасынын Тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүндө, АКШнын чөлкөмдөгү тынчтыкка жетүүдөгү ортомчулук ролуна ишеним жоголгону айтылган. Билдирүү жасаган 22 өлкөнүн арасында АКШнын жакын союздаштары да бар. Ал эми Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде башаламандыктар орун алып, ондогон кишилер жаракат алган.

Өткөн аптанын шаршемби күнү Стамбулда Иерусалимдеги кырдаалга байланыштуу чукул чакырылган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммити өттү. Жыйында уюмдун лидерлери чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбор калаасы деп жарыялады.

"Мен эл аралык мыйзамдарды жана адилеттүүлүктү сыйлаган мамлекеттерди Иерусалим шаарын оккупацияланган Палестинанын борбор шаары катары таанууга чакырам", -деди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. (AbA)

Тектеш темалар