Гватемала элчилигин Иерусалимге жылдырат

Иерусалим Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Гватемала президенти Жимми Моралес Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүү боюнча буйрук берди.

Моралес өзүнүн "Фейсбуктагы" постунда бул чечимди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүдөн кийин кабыл алганын жазды.

Өткөн аптада Гватемала БУУнун Иерусалим боюнча резолюциясына каршы чыккан жети өлкөнүн бири болгон. Резолюцияда АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечимин өзгөртүү талабы айтылган эле.

Дональд Трамп болсо АКШ чечимине каршы чыккан өлкөлөргө каржылык жардамды токтотом деп коркутту.

АКШ Гватемаланын маанилүү каржы донору эсептелет. 21-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбору катары таныбоо чакырыгы менен чыкты.

Резолюцияга каршы добушту он гана өлкө - АКШ, Гватемала, Гондурас, Израиль, Маршаллов аралдары, Микронезия, Науру, Палау жана Того берди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption БУУнун Башкы Ассамблеясы араб жана мусулман өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен чукул сессияга чогулду.

Ал эми резолюцияны 128 өлкө колдоду. Дагы 35 өлкө добуш берүүдөн карманды. Буга чейин Дональд Трамптын чечимин сынга алган Орусия дагы резолюцияны колдоду. Кыргызстан дагы уюмдун позициясын колдоп добуш берди.

Резолюциянын текстинде шаардын макамына байланышкан кандай гана чечим болбосун жаркасыз деп таанылары айтылган. БУУнун уставы боюнча Башкы Ассамблеянын чечими символикалык жана кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ.

Доллар менен жазалоо

20-декабрда Трамп БУУнун резолюциясын колдогон өлкөлөрдү каржылык жардамдан кур жалак калтырам деп эскерткен.

"Алар бизден жүз миллиондогон, ал тургай миллиарддаган доллар алышат, кайра бизге каршы добуш беришет,-деген президент Трамп.-Мейли, добуш бере берсин. Биз мындан катуу үнөмдөп калабыз. Бизге баары бир».

Президент Трамп чечими аркылуу АКШнын Иерусалим шаарына карата ондогон жылга созулган саясатын өзгөрттү.

1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

АКШ Иерусалимди Израилдин борбор калаасы деп тааныгандан кийин көп өлкөлөр президент Трампты кескин сынга алды. Жыйырмадан ашуун араб өлкөлөрү Иерусалим боюнча АКШны чечимин өзгөртүүгө чакырып, мунун арты Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктарга алып келиши мүмкүн деп билдирүү жасады. Билдирүү жасаган 22 өлкөнүн арасында АКШнын жакын союздаштары да бар. Стамбулда Иерусалимдеги кырдаалга байланыштуу чукул чакырылган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде чыгыш Иерусалим Палестинанын борбор калаасы деп жарыяланган. (AbA)

Тектеш темалар