Түндүк Корея Ким Чен Ындын чоң энесинин 100 жылдыгын майрамдады

КЭДР бийлиги Ким Чен Суктун урматына почта маркаларын жана алтын, күмүш тыйындарды чыгарып, массалык маданий иш-чараларды өткөрдү. Сүрөттүн автордук укугу kgna
Image caption КЭДР бийлиги Ким Чен Суктун урматына почта маркаларын жана алтын, күмүш тыйындарды чыгарып, массалык маданий иш-чараларды өткөрдү.

Түндүк Кореяда аялдар көңүл борборуна чыккан учурлар өтө сейрек. Бирок «согуштун баатыры» Ким Чен Суктун мааракесин өлкө чабылып, чачылып майрамдады.

Албетте, Ким жөнөкөй аял эмес. Түндүк Кореянын негиздөөчү Ким Ир Сендин биринчи жубайы, учурдагы өлкө лидери Ким Чен Ындын чоң энеси.

Түндүк Кореяда Ким Чен Сукту 1917-жылы Жаңы-Жыл майрамынын алдында жакыр үй-бүлөдө төрөлүп, 1930-жылы партизандардын катарында жапондорго каршы согушкан деген түшүнүктү киргизишкен.

Ким Чен Сук 1949-жылы 31 жашында каза тапкан. Расмий маалыматтарда, анын өлүмүнө партизандардын катарында согушуп жүргөндөгү оорчулуктардын таасири тийгени айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу KOREAN CENTRAL TV

100 жылдык мааракеге карата түндүк кореялык медиа анын согуштагы эрдиктери тууралуу көп жазышты. «Каарман революционер" гана эмес, "революциянын ыйык энеси" катары көрсөтүштү. Анын көзгө атар мерген болгонун, октору сая кетпегенин, «согуштагы курбалдаштары анын канча душманды жок кылганын кармаш бүткөндөн кийин, окчонтойундагы калган октордон улам билишчү»,-деп жазды Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги.

КЭДР бийлиги Ким Чен Суктун урматына почта маркаларын жана алтын, күмүш тыйындарды чыгарып, массалык маданий иш-чараларды өткөрдү.

Кабарлардын биринде, бул жылы Ким Чен Сук төрөлгөн аймакка зыярат кылууга «300 миңдей аскер кызматкерлери, жумушчулар, жаштар жана студенттер, чет өлкөлүктөр келгени» айтылды.

Бул өлкөдөгү аялдардын баары эле урмат-сыйга бөлөнө бербейт. Түндүк Корея коомунда аялдарга карата мамиле патриархалдык түшүнүктөргө байланган. Ошондуктан Ким Чен Сукту «баатыр» катары даңазалашканы менен анын өмүрүндөгү эң чоң эрдиги - Ким Чен Ирди эрезеге жеткиргени катары даңкталып, «муну менен биздин элге, муундан муунга мактаныч менен айтып, бактылуу жашоого жол ачкан лидерди берди» деп жазышты көп басылмалар.

Бул коммунисттик өлкөдөгү жетекчилик кызматтарда аялдар дээрлик жок. Азыркы лидердин эжеси Ким Ё Чжон Кореянын Эмгекчилдер партиясынын саясый бюросундагы жападан жалгыз аял.

2015-жылы КЭДР 23 жашка чейинки кыз-келиндерге милдеттүү аскердик кызматты киргизген. Жакында эле аскер кызматында болгон кыздардын бири аскердеги төбө чачты тик тургузган жагдайлар тууралуу Би-би-сиге маек берген эле. (AbA)

Тектеш темалар