Сиднейден Нью-Йоркко чейин: Дүйнө 2018-жылды кантип тосту

Жаңы 2018-жылды биринчилерден болуп Тынч океандагы Самоа, Тонга жана Кирибати аралдарынын тургундары тосуп алышты.

Праздничный салют в Бангкоке Сүрөттүн автордук укугу AFP

Андан кийин Австралия, Жаңы Зеландия, Кытай, Жапония жана Индия тургундары майрамдашты.

Бангкокто Жаңы жылды Чао Прайя дарыясынын үстүнөн атылган укмуштуудай кооз салюттар менен белгилешти.

Новогодний парад в Токио Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Токионун Одзи районундагы салтка айланган салтанаттуу жүрүш жыл сайын көп сандагы туристердин жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен өтүп келе жатат.

Новогодний фейерверк в Гонконге Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Гонконгдогу Виктория кемесиндеги пиротехникалык шоу.

Празднование Нового года в Сеуле Сүрөттүн автордук укугу EPA

Сеулдун тургундары Жаңы жылды колдоруна жаркыраган шарларды кармап тосушту.

Сидней Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Австралиянын Сидней шаарындагы жаңы жылдык бул салтанатты көрүү үчүн миллионго чукул киши келди.

Сидней Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Сиднейдеги атылган салюттар 12 минутага чейин уланды.

Сингапур Сүрөттүн автордук укугу AFP

Саат 00:00 болгон учурдагы Сингапурдагы Жаңы жылды тосуу салтанаты кызыл-тазыл фейервертер менен коштолду.

Новая зеландия Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жаңы Зеландиянын Окленд аймагынын тургундары жана коноктор 2018-жылды беш минутага созулган фейерверк менен тосуп алышты.

дети в Индии Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Индиялык окуучулар Жаңы жылды тосууга жана майрамдоого астейдил даярдык көрүшкөн.

Индия Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Делинин тургундары Жаңы жылды тосуу үчүн «Индия дарбазасы» монументинин алдына чогулушту.

Берлин Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Лондондогу салют салтанаты 15 минутага чейин созулду. Жалпысы 50 дүрмөт атылган.

Лондон Сүрөттүн автордук укугу PA

Нью-Йорктогу жаңы жылдык түн соңку он жылдагы эң суук күн болуп калды. Аба ырайы -12 градуска чейин төмөндөгөн.

Нью-Йорк Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бирок ызгаар суукка карабастан Таймс-скверге он миңдеген кишилер жыйылды. (AbA)

***

Тема боюнча башка макалалар