Новогодний фейерверк в Лондоне
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Лондондогу фейерверк салтанатына он миңдеген кишилер келди

Лондондо 2018-жылдын келишин Темза дарыясынын жээгиндеги укмуштуудай кооз пиротехникалык шоу менен тосуп алышты.

Фейерверктердин атылганын көрүү үчүн атайын билет сатып алып, он миңдеген киши келди.

Шоунун борбору London Eye болду. Жалпысы он беш минутага созулган фейрверк салтанатында замбиректен 50 дүрмөт атылган.

Британ баш калаасынын коопсуздугун сактоого бир нече миң полиция кызматкери тартылган. Шаар бийлиги салтанат тынч маанайды өттү деп кабарлады. (AbA)