Ирандагы каршылык акциясы: бийлик социалдык тармактарга чектөө киргизди

Участница протестов Сүрөттүн автордук укугу AFP

Ирандын бийлиги өлкө аймагындагы төрт күндөн бери уланып жаткан өкмөткө каршы акциялардан кийин интернеттеги "Телеграм" кат алышуу кызматына жана "Инстаграм" социалдык трамагына тыюу салды.

Мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Иран өкмөтү мындай чектөөнү убактылуу жана "коомдук коопсуздукту сактоо үчүн" маанилүү чара деп түшүндүргөн.

"Телеграм" мессенжери жана "Инстаграм" баракчасы Иранда өтө популярдуу. Бул социалдык кызматтарды 80 млн чамалуу калкы бар өлкөнүн жарымы колдонот.

Иранда медиа каналдардын баары өкмөттүн катаал көзөмөлүндө. Ошондуктан демонстранттар социалдык тармактарды активдүү колдонууга аракет кылууда.

Telegram жетекчиси Павел Дуров "Твиттерге" калтырган билдирүүсүндө, Иран бийлигинин мессенжерди өз ыктыяры менен жабуу сунушунан баш тарткандан кийин бөгөт коюлганын жазды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ирандын ар кайсыл шаарларындагы каршылык акцияларына жаштар активдүү катышууда.

Айрым кабарларда Иранда мобилдик интернет иштебей калган учурлар болуп жатканы айтылууда.

Ирандын ар кайсыл шаарларындагы каршылык акцияларына жаштар активдүү катышууда. Алар өлкөдө социалдык оорчулуктар жаралып, коррупция гүлдөгөнүн айтып жатышат.

Бул каршылык жүрүштөрү 2009-жылдан берки өтө масштабдуу акция катары мүнөздөлүп жатат. Ал учурда тургундар чукул арадагы реформаларды талап кылган.

Хорремабад, Зенжан жана Ахваз шаарларындагы нааразылык акциясында Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеинин отставкасын, ал тургай анын өлүмүн талап кылышты.

Ирандын революциялык сакчылар корпусу өкмөткө каршы демонстрациялардын катышуучуларына эскертүү берип, эгерде толкундоолор токтобосо, аларды "темир муштум" күтүп турарын эскертти.

"Франс пресс" агенттиги Ирандагы булактарына шилтеме берип, нааразылыктар башталган түнү эле 200 киши камакка алынганын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Белгилүү болгондой, Доруд шаарында ишембиде демонстранттардын экөө октон мерт болду.

Бийлик күч түзүмдөрү ок чыгарбаганын айтып жатат. Алардын өлүмүнө шиит экстремисттери жана чет элдик агенттерди күнөөлөп жатышат.

Генерал-майор Ишмаил Ковсари ISNA агентигине маек берип: "Эгерде кишилер баалардын көтөрүлүшүнө каршы көчөгө чыккан болсо, алар мамлекеттик мүлктөрдү жана менчик унааларды өрттөп, ар кайсыны кыйкырбашы керек",-деп айтты.

Ички иштер министри Абдолрез Рахмани-Фазли каршылык акциясына чыккандар жоопкерчиликке тартылат деп эскертти.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Демонстрациялар өткөн аптанын бейшембисинде Мешхед шаарында башталып, кийин башка аймактарга тарады. Демонстранттар Ирандын башка өлкөлөргө кийлигишип жатканына кыжырдануусун билдирди.

"Газа эмес, Ливан дагы эмес, менин жашоом - Иран!" деп кыйкырышты акцияга чыккандар. Муну менен алар өлкө бийлиги ички көйгөйгө эмес, сырткы маселелерге көңүл буруп жатканына нааразылыгын билдиришти.

АКШ болсо демонстранттарга колдоосун билдирди. Бул өз учурунда Иран бийлигинин нааразылыгын жаратты. (AbA)

Тектеш темалар