Иерусалим кризиси: Трамп Палестинага каржылык жардамды токтотобуз деп эскертти

President Trump photographed outdoors in mid-sentence Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШнын президенти Трамп "тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тарткан" Палестинага каржылык жардамды токтотобуз деп билдирди.

Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына Кошмо Штаттары көрсөткөн жардамы үчүн "ыраазычылык же сый-урмат" көргөн жок деп жазды.

Ошондой эле президент Иерусалимди Израилдин баш калаасы катары тааныгандан кийин, алдыда өтчү тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү оор маселе чечилип калды деген пикирин айтты.

Палестиналыктар болсо АКШнын чечимине нааразы болуп, Вашингтон тынчтык жараянга ортомчу боло албайт деп билдиришкен.

АКШнын декабрь айында кабыл алган чечимин Бирикке Улуттар Уюмуна мүчө болгон 128 мамлекет дагы кескин сынга алды.

Президент Трамп эмне деп айтты?

АКШнын президенти "Твиттер" аркылуу Пакистанга берилген жардам тууралуу сөз кылып, АКШ миллиарддаган долларга тете каржылык жардам көрсөтсө, Пакистан "жалганчылык менен куулук кылды" деп жазган.

Шейшемби күнү Трамп "Твиттер" баракчасына "биз бир гана Пакистанга жөн эле миллиарддаган доллар которгон жерибиз жок. Мисалы, палестиналыктарга жыл сайын жүз миллиондогон доллар каржылык жардам көрсөтөбүз жана ал үчүн биз ыраазычылык же сый-урмат көргөн жокбуз. Эми алар көпкө созулуп кеткен Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартып жатат" деп жазган.

"Биз сүйлөшүүлөрдө эң татаал деп саналган Иерусалим маселесин чечтик. Израил ал үчүн көп кыйынчылыкка туш болмок. Бирок палестиналыктар көпкө созулган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартса, биз эмнеге келечекте олчойгон каржылык жардам көрсөтүшүбүз керек?" -деп кошумчалады Трамп.

АКШ Палестинага кандай жардам көрсөтөт?

Трамтын "Твиттер" аркылуу кайрылуусуна чейин АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли, Вашингтон Палестинага жөнөтүлчү БУУнун качкындар агенттигине болгон каражатты токтотот деп билдирген.

БУУнун качкындар агенттиги бул каражатты саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатында жана палестиналыктардын социалдык программалары үчүн колдонот. АКШ палестиналыктарга эң чоң каржылык жардам көрсөткөн мамлекет. 2016-жылы Кошмо Штаттары 370 миллион доллар которгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли

Хейли айым журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, президент "палестиналыктар сүйлөшүүлөргө кайрадан катыша баштагыча АКШ кошумча жардам же жардамды толугу менен токтотобуз" деп айтканын белгиледи.

Кошмо Штаттары БУУга каржылык жардамын токтотсо, уюмдун иштерине кедергисин тийгизери бышык. Себеби Вашингтон БУУнун долбоорлорунун 30 пайызын каржылайт.

2016-жылы АКШдан кийин БУУга эң көп каражат бөлгөн Европа Биримдиги Вашингтон бөлгөн каражаттын жарымына жетпеген акчаны жардам катары которгон.

Эмнеге Иерусалимдин макамы талаш жаратып келет?

Бул көйгөй Палестина менен Израилдин ортосундагы конфликттин негизги себептеринин бири.

Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан.

1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы шаарды Израилдин "түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору" деп жарыяган.

1993-жылы Израил-Палестина тынчтык келишимине ылайык палестиналыктар Иерусалимдин чыгышын өз мамлекетинин борбор калаасы катары жарыялоону көздөгөн. Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары эч бир мамлекет тааныган эмес. Израилдин эң жакын деп сыпаттаган өнөктөшү АКШ дагы элчилигин Тель-Авив шаарында жайгаштырган.

1967-жылдан бери Израил шаардын чыгышында ондогон конуштарды курган. Ал жерде 200 миңге чукул жөөт тургундары жашап келет. Эл аралык уюмдар айтылган конуштарды мыйзамсыз деп атаган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар