ММК: Сирияда Орусиянын жети аскердик учагы жок кылынды

СУ-24 Сүрөттүн автордук укугу Ministry of Defence of the Russian Federation/Hand

Орус ММКларынын маалыматына ылайык, Орусиянын Сириядагы Латакия провинциясындагы Хмеймим аскердик авиабазасы минометтук аткылоого кабылып, жети учагы жок кылынды.

"Коммерсант" басылмасы атын атабаган эки аскердик-дипломатиялык булакка таянып, 31-декабрда Орусиянын Хмеймим аскердик авиабазасы аткылоого кабылганын маалымдады. "Ведомости" гезити дагы Орусиянын коргоо министрине жакын адамды булак катары колдонуп, бул жаңылыкты жарыялады.

"Коммерсант" басылмасынын маалыматы боюнча, белгисиз топтун минометтук аткылоосунан кийин төрт Су-24 аскердик учагы, эки Су-35С истребители, бир Ан-72 жоокерлерди ташыган учак жана кампадагы ок-дары дагы жок кылынган. "Коммерсант" гезити тастыкталбаган маалыматтар боюнча чабуулда 10 аскер жаракат алганын дагы кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул жаңылыкты тастыктаган жок жана ММКларга чыккан кабар тууралуу комментарий берген жок.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сирия чатагындагы Орусиянын ролу

Орусиянын аскердик мекемелери Сирияда 31-декабрда Ми-24 учагы кулап түшүп, аны башкарып жаткан эки учкуч каза тапканын маалымдаган. Аскердик жетекчилер кырсык техникалык мүчүлүштүктөрдөн болгонун билдиришти. Бул маалымат 3-январда гана жарыяланды.

Буга чейин мамлекеттин коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын Сириядагы базаларын коргоо үчүн заманбап абадан кол салуудан коргонуу (ПВО) системасы орнотулганын белгилеген.

"Тартус жана Хмеймим базаларыбызда бир дагы жолу коопсуздукка коркунуч жаралган жок", -деп билдирген Шойгу.

Сүрөттүн автордук укугу Mikhail Klimentyev/TASS

Президенти Путин 11-декабрда Хмеймим авиабазага барып, орус аскерлери Сириядан чыгарылат деп жарыялаган. Бул кайрылуудан бир нече күн мурун Шойгу Сириядагы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ "толугу менен талкаланды" деп президентке билдирген.

Орусиянын коргоо министри Сириядан 42 аскердик учак, анын ичинде алты үндөн тез учуучу бомба таштоочу Ту-22 учагы жана төрт тик учак мамлекетке кайтып келгенин маалымдаган.

Кремль Сириядагы аскердик операциясын 2015-жылы 30-сентябрда баштаган. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аскердик операция учурунда 39 орус жоокери каза тапты.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар