Түштүк Корея: Пхеньян Олимпиада оюндары боюнча сүйлөшүүлөргө катышат

Olympic logo Pyeongchang Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түштүк Кореянын расмийлери Түндүк Корея эмдиги аптада белгиленген жогорку даражадагы сүйлөшүүлөргө катышат деп маалымдады.

9-январда өтчү жыйында эки тарап Түндүк Кореянын спортчуларынын Кышкы Олимпиадага катышуусу боюнча сөз кылышат. Түштүк Кореяда өтчү Кышкы Олимпиада февраль айында башталат.

Түндүк Кореянн лидери Ким Чен Ын бул аптада Олимпиада оюндарына спортчуларды жөнөтүү "биримдикти көрсөтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк" деп билдирди.

Эки тараптын сүйлөшүүсү чек арага жакын жайгашкан Панмунжом кыштагында өтөт. Сеул менен Пхеньян бул кыштакта бир нече жолу тарыхый сүйлөшүүлөрүн өткөргөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сеул менен Пхеньян Панмунжом кыштагында бир нече жолу тарыхый сүйлөшүүлөрүн өткөргөн

Түштүк Кореянын президентинин администрациясынын өкүлүнүн айтымында, жыйындын негизги максаты Кышкы Олимпиада боюнча маселени жайгаруу. Бирок расмий Yonhap маалымат агенттигине эки мамлекеттин алакасын жакшыртуу үчүн дагы кадам жасалат деп билдирген.

Буга чейин жогорку даражадагы сүйлөшүүлөр 2015-жылы декабрь айында өткөн. Бул жолку жыйынга так ким катышары дале белгисиз.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Кышкы Олимпиада аркылуу эки мамлекеттин мамилелерин жандантса болот деп маалымдаган. Пхеньян менен Сеул де-юре дале согуш абалында.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түндүк Корея Түштүк Корея менен түз телефон байланышты кайрадан жандантты

Аптанын башында Түндүк Корея түз телефон байланышын жандантып, сууп калган алакалар кайрадан жакшырат деген үмүттөр пайда болгон.

Түндүк Корея менен АКШнын кайым айтышуусу

Кышкы Олимпиада тууралуу кабарлардын алдында Түндүк Корея менен АКШнын лидерлери бир нече ай бою кайым айтышып келди.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын өзөктүк курал колдоном деп коркутканга чейин барышты.

Түндүк Корея бир нече жолу өзөктүк куралын жана континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп, дүйнөлүк коомчулуктун кыжырына тийди.

Кышкы Олимпиада боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу өтүшү үчүн АКШ Түштүк Корея менен бирге болчу аскердик машыгууларды токтотууга макул болду. Машыгуулар Кышкы Олимпиада оюндарынан кийин белгиленген.

Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларына ачууланып, эки өлкө Түндүк Кореяны басып алуу аракетин көрүүдө деген пикирин айтып келет.

Тема боюнча башка макалалар