Ирандагы каршылык: күрөш социалдык тармактарда уланууда

"Телеграм" мессенджеринине Иранда 40 миллион колдонуучусу бар. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption "Телеграм" мессенджеринине Иранда 40 миллион колдонуучусу бар.

Өткөн аптада Иранда баалардын кымбатташы жана жарандык укуктун бузулушуна каршы толкундоолор орун алды. Бирок бийлик менен демонстранттар ортосундагы күрөш орун алган жер бир гана көчөдө болуп жаткан жок.

Бул күрөш социалдык тармактарда жана мессенджерде уланууда.

Азыркы демонстрациялар 2009-жылдан берки эң ири толкундоолор болуп калды. Ал учурдагы нааразылыктын негизги себеби президенттик шайлоонун тыянактары бурмаланды деген жүйө болгон эле. Анда оппозициялык активисттер "Фейсбук", "Твиттер" жана YouTube тармактарын колдонушкан.

Бул ирет мессенджер тармагын жарандардын көпчүлүгү колдонуп жатат. Өкмөт интернет менен күрөшкө даяр экенин көрсөттү.

Көпчүлүк саясатчылар жана активисттер ар кандай социалдык платформаларды колдонууда. Албетте, айрым интернет желелерине расмий тыюу салынган.

2010-жылы Ирандын өзөктүк курал өндүрүшүндөгү компьютердик инфраструктурасы Stuxnet вирусунан жарбыркагандан кийин, бийлик кибер коопсуздугун чыңдоону күчөткөн. Атайын профессионал хакерлер жалданып, кийин "Ирандын кибер армиясы" деген ат менен белгилүү болду.

Өлкөдө көз карандысыз маалымат каражаттары жок болгондуктан жарандар толкундоолордун сүрөттөрүн социалдык тармактар аркылуу бөлүшүп жатышат. Өкмөттүк маалымат каражаттары болсо бир тараптуу чагылдырууда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ирандын ар кайсыл шаарларындагы каршылык акцияларына жаштар активдүү катышууда.

"Телеграм" мессенджеринине Иранда 40 миллион колдонуучусу бар. Нааразылык акциясына чыгып жаткандар баарлашып туруу үчүн ушул социалдык тармакты тандап алышкан.

Буга жооп кылып, бийлик "убактылуу" деген жүйө менен "Телеграм" менен "Инстаграмга" бөгөт койду.

Ал эми "Фейсбук", YouTube жана "Твиттерге" болсо Иранда 2009-жылы эле бөгөт коюшкан болчу.

"Эч нерсе болгон жок"

Бул жолу бийлик социалдык тармактарды көзөмөлдөн чыгарбай турат.

Популярдуу тактикаларынын бири - "Твиттерде" көптөгөн "жаслама колдонуучуларды" түзүп, каршылык акциялары делген фейк видеолор жарыяланып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Twitter
Image caption Твиттерде" көптөгөн "жаслама колдонуучуларды" түзүп, каршылык акциялары делген фейк видеолор жарыяланып жатат.

Мындай аккаунттардын профилиндеги сүрөттөр дагы кызыктай. Алардын көбү толкундоолор учурунда пайда болду. Катталган колдонуучулары дагы аз.

Гилан провинциясындагы Решт шаарында толкундоолор болуп жатат деп коюлган видеого колдонуучулардын бири: "Азыр эле бул жерге келдим. Эч нерсе жок",-деп жазды.

"Эмнеге калп айтасыңар? Бул жерде эч ким жок го?",-деп жазды дагы бирөө.

1-январдан 4-январга чейин окшош эле аккаунттардан ар түрдүү видеолор жарыяланган. Бирок мындай "фейк колдонуучуларды" атайын кызмат же бийлик колдоп жатканына далил жок.

"Жасалма колдонуучуну" кантип ажыратса болот?

Атлантикалык кеңештин (DFRL) санариптик соттук экспертиза боюнча лабораториясы социалдык тармактардагы "жасалма колдонуучуну" аныктоо үчүн төмөнкүдөй кеңеш берет.

Туруктуулук: "Жасалма колдонуучулар" тез-тез жазып турушат. Канча көп материалдарды жарыялап жатса, ошончолук тынчсызданууга негиз бар. Уюм жарыяланган материалдардын санына карап, күнүгө 72 материал жарыяланса шектүү деп аныктайт, ал эми 144 ашууну өтө шектүү деп каралат.

Анонимдүүлүк: "жасалма колдонуучуларда" өздүк маалыматтар жок.

Репосттор: "жасалма колдонуучуларда" ретвиттер жана башкалардын цитаталыр көп болот. Оригиналдуу контент абдан аз.

Жалпы мазмуну: "жасалма колдонуучулардын" түйүнүн аңдап билсе болот. Бир эле учурда нече аккаунттан окшош мазмундагы материалдар жарыяланат.

"Жасалма колдонуучуларды" кантип аныктаса болот деген көрсөтмөлөрдү бул жерден таап окуңуз.

Сүрөттүн автордук укугу Alamy

Хэштегдер согушу

Ирандагы толкундоолор учурундагы социалдык тармактардын согушуна жасалма интеллект дагы тартылып жатат. Айрым колдонуучулар видео жана сүрөттөрдөгү кишилерди бөлүп көрсөтүп, аларды издеп таап, камакка алууну сунушташууда.

Ирандын революциялык сакчылар корпусуна байланышы бар делген Тасним маалымат агенттиги "Твиттердеги" ушундай демилгелерге кошулганын билдирди.

Нааразылык акциясына чыгып жаткандар четте карап турган жок. Алар "Твиттерде" аккаунт түзүп, аларга каршы туруп жаткан атайын кызматтагы кызматкерлердин болжолдуу ысымдарын жана маалыматтарын чыгарышты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Aйрым колдонуучулар видео жана сүрөттөрдөгү кишилерди бөлүп көрсөтүп, аларды издеп таап, камакка алууну сунушташууда.

Ирандагы толкундоолорго таандык #nationwide_protests хэштеги (жалпы улуттук толкундоолор) 470 миң жолу колдонулган. Колдонулган хэштегдин анализи көрсөткөндөй, нааразылык жүрүштөрүнө колдоо көрсөткөн билдирүүлөрдүн көпчүлүгү Сайуд Арабиясынан келген.

Айрымдар колдоо көрсөтүү үчүн #nationwide_riots (улуттук көтөрүлүш) деген жеке хэштегди да колдонуп жатышат.

Сунниттик агымдагы Сауд Арабиясы менен шииттик Иран ортосундагы мамиле көптөн бери эле чыңалган абалда. Эки тарап тең Жакынкы Чыгышта таасирдүү болууга умтулуп келет.

Эки өлкөнүн мамилеси 2011-жылдагы "араб жазынан" кийин курчуп кетти. АКШ бул жерде жалгыз гана Сауд Арабиясы менен жакшы мамилени кармап жатат. Орусия болсо эки тараптын тең союздашы болуп калууга аракет кылууда. (AbA)

Тектеш темалар