Сиднейдеги 47 градус ысык аба ырайы: 72 жылдан бери мындай болгон эмес

Сиднейде Англия менен Австралия ортосунда крикет боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Сүрөттүн автордук укугу AllSport/Getty Images
Image caption Сиднейде Англия менен Австралия ортосунда крикет боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат.

Жекшембиде Австралиянын эң ири шаарында соңку 72 жылдан бери боло элек ысык аба ырайы орун алды. Абанын температурасы 47,3 градуска чейин жетти

Бийлик Сиднейдин бардык райондорунда абал кооптуу экенин эскерткен. Тургундарга от жагууга жана көчөдө шашлык бышырууга тыюу салынды. Анткени ушул айларда шаардын чет жакасындагы токойлордо өрт кооптуулугу жаралат.

Бул шаардагы мындай аба ырайы 1939-жылы катталып, анда абанын 47,8 градуска жеткен экен.

Эй-би-си телеканалы Mission Australia деп аталган диний кайрымдуулук уюму аптапта көчөдө калбасын деп, үйү жок селсаяктарды ооруканаларга жана атайын жайларга жайгаштырууга жардамдашканы тууралуу кабар таратты.

Жаңы Түштүк Уэльс штатында болжолу 7000 жакын турак жай электр жарыгы жок калган. Мунун себеби өтө ысыктан улам деп жазды Sydney Morning Herald басылмасы.

Ал ортодо Сиднейде Англия менен Австралия ортосунда крикет боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Стадиондогу абанын деңгээлин ченеген каражат 57 градусту көрсөткөн. Англиялык оюнчулардын мындай ысыкта ойногонго көнбөгөнү турган кеп.

Ал эми эл аралык Сидней теннис турниринин катышуучулары эрте мененки саат 10до эле күн ысып баштаганда теннис аянтынан кетип калышты.

Франциялык теннисистчи кыз Кристина Младенович австралиялык Эллен Перез менен беттешүүдөн баш тартканы үчүн күйөрмандарынан кечирим сурады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Стадиондогу абанын деңгээлин ченеген каражат 57 градусту көрсөткөн.

Журналист Жейми Пандарам "Твиттердеги" баракчасына ысыкка байланыштуу спорт фотографтары иштей албай калганын жазды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Виктория жана Түштүк Австралиянын айрым жерлеринде өрт кырсыктары орун алды. Бир нече турак-жайлардын күйгөнү айтылып жатат.

Эксперттер абанын температурасына жана деңиз суусуна климаттын өзгөрүшү таасирин тийгизи, бул экстремалдык аба ырайына алып келип жатканынын айтып жатышат. (AbA)

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Тектеш темалар