Келемиштерден таптакыр арылган арал

Британиялык аралдардын биринде буга чейин адамзаттын тарыхында болбогон нерсе орун алды. Жергиликтүү бийлик аралды толугу менен келемиштерден тазалаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Георгияга келемиштер келгенге чейин аралда миллиондогон канаттуулар бар эле.

Дүйнөдө кандай гана климаттык шарт болбосун, Арктикадан тропикага, белгисиз аралдардан бийик тоолуу аймактарга чейин жашап кете ала турган жаныбарлар бар.

Мындайга кишилер (гомо сапиенс) жана келемиштер жөндөмдүү. Өзгөчө боз келемиштер, окумуштуулар Rattus norvegicus - норвегиялык келемиш деп аташат.

Анысы да, мунусу да дээрлик бардык шартта жашай берет. Миңдеген жылдар мурун булар дүйнөнүн чар тарабына жетип, белгисиз аралдарды дагы буту басты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аралды биринчи жолу 1675-жылы британдык капитан Энтони де ля Роше байкаган.

Бирок Түштүк Георгияны эмес. Бул арал Атлантикалык океандын түштүк тарабында жайгашкан. Жакынкы материктен жүздөгөн чакырым алыстыкта.

Аралды биринчи жолу 1675-жылы британдык капитан Энтони де ля Роше байкаган. Бирок биринчи болуп буту баскан киши башка британдык болду. Так жүз жылдан кийин капитан Жеймс Кук аралга жетип, ошол учурдагы падыша Георг III урматына аралды Түштүк Георгия деп атаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Георгияга кишилер менен келемиштер келе электен мурун тюлендер гана байырлаган.

Бул жерде эми Норвегия же келемиштердин эмне тиешеси бар деп сурашыңыз мүмкүн. Ал учурда матростор менен канталадан башка кемеде ким бар эле? Ооба, ооба, келемиштер! Боз келемиштер.

Капитан Кук менен жээкке бирге ким чыккан? Албетте, Rattus norvegicus - норвегиялык келемиш.

Мына ушул жерден келемиштерге оңдой берди болду. Жашоосу уланып кетти. Анткени иштин баары аралдын материктерден өтө алыс экени, тюлендер менен майда-барат жаныбарлардан башка жырткыч жаныбарлардын жоктугу эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Деңиз куштары аралда жырткычтар жок экенин байкашып, ал жерге миллиондогон уяларды салышкан. Майда чымчыктардан чоңуна чейин, пингвинге чейин түрдүү деңиз куштары бар эле.

Аралга келемиштер пайда болору менен баары өзгөрдү. Алар эки иш менен алектене башташты: көбөйүп жана тапканын кемирип жегенге өттү. Өзгөчө аларга жумуртка жана балапандар жем болду.

Сүрөттүн автордук укугу Huw Evans picture agency
Image caption Түштүк Георгияда бак-дарактар болбогондуктан, канаттуулар чөпкө же ийиндерге уя салышат.

Түштүк Георгияда канаттуулар кескин азайды. Капитан Куктун тушундагыдан 90 пайызга чейин саны кыскарган.

Айрым канаттуулар Түштүк Георгияда майда аралдар көп болгон үчүн аман калышкан. Анткени алар келемиштер жете албаган майда аралдарга уя салышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Айрым канаттуулар Түштүк Георгияда майда аралдар көп болгон үчүн аман калышкан. Анткени алар келемиштер жете албаган майда аралдарга уя салышкан.

Бирок андан ары мындан да жаман болду.

XIX кылымдын экинчи жарымына чейин дүйнө электр жарыгы дегенди билген эмес. Турак-жайларды жарык кылуу үчүн шамдар жана май менен күйгөн чырактар керектелген. Мындай каражаттарды жасоо үчүн кит менен тюлендердин майы табылгыс нерсе эле.

Киттер менен тюлендер Түштүк Георгия жээктеринде көп болчу. Бул эми кит уулаган америкалык, британдык, негизинен норвегиялык аңчылардын көз жаздымында калган эмес.

Май алыш үчүн алар Түштүк Георгияны көздөй умтула башташкан. Мына ушул жерде алар көйгөйгө бет келишти.

Ал учурда муздаткычтардын болбогону турган кеп да. Анда материкке чейин кит менен тюлен майларын кантип жеткириш керек?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Георгияда аңчылар мына ушундай майларды сызгырган бир нече жайларды курушкан.

Ал үчүн майларды белгилүү бир чекке чейин кайнатып ала башташкан. Түштүк Георгияда аңчылар мына ушундай майларды сызгырган бир нече жайларды курушкан. Кийин бул жерлерде териси сыйрылган жаныбарлардын сөөктөрү чачылып жатып калды.

Архив материалдарда бул жайлардагы адам чыдагыс сасык жыттар тууралуу күбөлөрдүн жазган каттары да сакталып калган. Түштүк Георгияга кемелер аркылуу келген келемиштер менен чычкандар үчүн бул жай жердин бейиши болду. Солго бурулсаң киттин союлган денеси жатат. Даамдуу. Оңго бурулсаң тюлендин эти. Ал дагы даамдуу.

Башы оогон тарапка бас, бүт балапандар, жумурткалар. Мындан дагы даамдуу.

Түштүк Георгияда бак-дарактар болбогондуктан, канаттуулар чөпкө же ийиндерге уя салышат. Бул үчүн келемиштер аларга миң мертебе ыраазы.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Георгияда норвегиялыктар өзүнөн кийин калтырып кеткен чиркөө.

Мезгилдин өтүшү менен электр жарыгы пайда болуп, майга талап жоголду. Аңчылар Түштүк Георгияны унутушту. Ал жерге келемиштерди, чычкандарды жергиликтүү канаттуулар менен жалгыз калтырышты. Баса бугулар дагы пайда болду.

Анткени аңчылар өздөрү менен кошо союп жеш үчүн бугуларды алып келишкен. Аман калган бугулар аралда калып, көбөйө башташты. Бугулар оттоп кеткен жерлер такырайып, бул дагы канаттууларга сокку болду. Алардын уя салган жайлары даана көзгө көрүнүп калды.

Кылым өтпөй эле Түштүк Георгиянын өкмөтү жергиликтүү канаттуулардын тагдырына тынчсыздана баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Георгиянын почта маркасы.

Ооба, сиз укпасаңыз керек, Түштүк Георгияда туруктуу жашаган калк болбогону менен өкмөт бар. Фолкленд аралында жашаган Түштүк Георгиянын өкмөтү канаттууларды кемирүүчүлөрдөн сактап калууну чечти.

Албетте, батынып план түзүүнүн өзү эле эрдик эмеспи. Мынчалык чоң аймактан келемиштерди тазалоо мурда-кийин, дегеле адамзаттын тарыхында болгон эмес эле.

Аралды такырайтып оттогон бугулардан арылуу оңой эле болду. Аңчылар четинен атып, Фолкленд аралындагы фермага тирүүлөй дагы кармап кетишти.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аралды такырайтып оттогон бугулардан арылуу оңой эле болду. Аңчылар четинен атып, Фолкленд аралындагы фермага тирүүлөй дагы кармап кетишти.

Бирок келемиштерди атууга да, кармап жок кылууга да физикалык жактан мүмкүн эмес. Бир гана вариант бар - уу.

Дээрлик 4 миң чарчы чакырым аралыкты ээлеген жердеги кемирүүчүлөрдү кинтип ууландырса болот? Кантип?

Жөнөкөй эле. Үч тик учак жалдаш керек. Бирок алардын учкучтары өтө тажрыйбалуу болуп, кандай гана шартта болбосун тик учакты айдап чыга алышы керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Тик учак атайын даярдалган таблеткаларды ар бир чарчы метрге чачып кетет.

Тик учак атайын даярдалган таблеткаларды ар бир чарчы метрге чачып кетет. Таблеткада келемиш-чычкандарды өлтүрө турган өлчөмдөгү уу бар. Аны кемирүүчүлөр өтө даамдуу тамак деп ойлоп азгырылышат.

Учкучтар аралдагы тик аскалуу жерлерге чейин бир учурда ууланган таблеткаларды чачып өтүүнү өздөштүрдү. Учуулар бир нече жылга созулду. Катаал шартка карабастан, тик учактар кырсыкка учурган фактылар болгон жок.

Аралда чындап эле кемирүүчүлөр таптакыр жок болгонуна көзү жетиш үчүн окумуштуулар такай иликтөө жүргүзүп келишет. 2016-жылы илимий изилдөө кемеси барган учурда аралдан бир келемиштин изи табылат. Бул аймакка кайрадан дары чачылып, ошондон бери келемиштер ың-жыңсыз жок болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Канаттуулардын айрымдары ууланган чычкандарды жеп алып жабыркаган учурлары да болду.

Канаттуулардын айрымдары ууланган чычкандарды жеп алып жабыркаган учурлары да болду. Алардын көбөйүшү дээрлик эки жылга токтоп калган.

Эми аралга келген жүктөрдүн баары тыкыр текшерилип, атайын карантинден өтөт. Аралдын нукура экологиясын сактап калуу үчүн аралга кийин келген жаныбарлардан, ал тургай өсүмдүктөрдөн да тазалоо пландалууда. Канаттуулар эми кайрадан бул аралга кайта башташты. (AbA)

Тектеш темалар