Трамп атайын прокурор Мюллердин суракка алышына күмөнсүп турат

АКШ президенти Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу MARK WILSON

АКШ президенти Дональд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллердин сурагында болушу "күмөндүү" экенин айтты. Роберт Мюллер президенттин айланасындагы кишилердин Орусия менен байланышы болгондугу тууралуу божомолду иликтеп жаткан.

Дүйшөмбүдө айрым америкалык басылмалар өз булактарына таянып, Мюллердин өзү же анын кол алдындагылардын президент Трамп менен кезигишүүсү жакынкы апталарда болорун жазып чыгышты. Трамптын адвокаттары бул сүйлөшүүнүн кандай өтөөрүн талкуулап жатышат деп жазган басылмалар.

Трамп июль айынан бери эле Мюллер менен жолугушууга даяр экенин айтып келе жаткан.

Бирок Норвегиянын премьер-министри Эрна Солберг менен биргеликте өткөргөн басма сөз жыйынында, бул боюнча берилген журналисттердин суроосуна анча көңүлсүнбөй жооп берди. Адвокаттары менен сүйлөшөрүн айтып, "Эмне болорун көрөбүз",-деди президент.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Роберт Мюллер өзүнүн аракеттери боюнча эч кандай комментарий бербейт.

Мюллерге көрсөтмө берүүгө даярсызбы деп экинчи ирет берилген суроого жооп берип жатып: "11 айдан бери бул жалган айыптоолордун кара булуту биздин администрациянын башынан кетпей койду. Биздин өкмөттүн үстүндө каалгып туруп алды жана бул өкмөттүн иштөөсүнө тоскоол болуп жатат",-деди президент.

"Эч кандай кутум болгон эмес. Эч ким кутум болгонун тапкан жок. Иш көрсөтмө берүүгө чейин жетиши күмөндүү",-деп кошумчалады Трамп.

Трамп суракка алынышы мүмкүн экени тууралуу дүйшөмбүдө Washington Post, Си-эн-эн жана Эн-би-си айтып чыккан. Бирок алар шилтеме берген булагын ачык айткан эмес.

Маалыматтарда айтылгандай, Роберт Мюллер президент менен жана анын юристтери менен көзмө-көз сүйлөшүү ниетин билдирген.

2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда Кремль менен Трмаптын штабынын ортосунда кеңешилген аракеттер болушу мүмкүн деген айыптоону жокко чыгарыш үчүн президент атайын прокурор менен жолугушууга каршы болбойт деп жазат маалымат каражаттары.

Басылмалар атайын прокурор менен Трамптын көзмө көз жолугушуусу адвокаттарынын тынчсыздануусун жаратып жатканын да белгилешет. Айрым кабарларда, Трамптын адвокаттары Мюллер менен бериле турган суроолорду талкуулашып, кат жүзүндө жооп берүү жагын да карап жатканы айтылды.

2016-жылдагы президенттик шайлоодо Кремль менен кызматташкан деген айыптоолорду Трамп кескин четке кагып келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар