Казакстан: Темиртау тургундары кардын кара түсүнө кабатыр

Черный снег в Темиртау Сүрөттүн автордук укугу toleubai.aldiyar

Казакстанда эколог, метеоролог жана башка адистерден турган атайын топ Темиртау шаарында эмне үчүн кардын түсү карага боелуп калганын иликтөөгө киришти.

Январдын башында социалдык тармактардын колдонуучулары Темиртау шаарындагы кардын кара түскө боелгон сүрөттөрүн чыгара баштаган. Кара түстөгү чаңдан улам ак кар баскан көчөлөр кара түскө боелуп калган.

Муз тепкен жерлер көбүрөөк шахтадагы көмүр төгүлгөн дөбөлөрдү элестетет. Ал эми балдар ойногон аянттар өрттөн кийинки көрүнүштө көзгө тартылат.

"Мындай жашоого мүмкүн эмес, биз дем алалбай калдык",-деп жазды социалдык тармактын колдонуучуларынын бири.

"Интернет аркылуу бул жердеги тамакты кычыштырып, көздү ачыштырган жытты берүүгө мүмкүн эмес экени өкүнүчтүү",-деп жазды дагы бир колдонуучу.

"SOS Темиртау" деп жазылган сүрөттөр мессенджер жана социалдык тармактарда жайылды.

Темиртау - Казакстандагы кара металлургиянын борбору. Бул жерде эң ири өндүрүштүн бири - Казакстандын металлургиялык комбинаты жайгашкан. Бул ишкана "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык.

Көпчүлүк тургундар кардын үстүнө чачылган кара чаңдын себебин ушул ишканадан көрүп жатышат.

Активисттер экологиялык ассоциациялардын төрайымы, президенттин кичүү кызы Алиа Назарбаевага кайрылып, комбинатка мониторинг жүргүзүп, андан чыккан булганыч заттарды азайтуу боюнча атайын программа иштеп чыгууга чакырууда.

"Кардын мындай кара түстө болгон зыяндуу таштандылардын үрөй учурган масштабынан кабар берет,-деп айтылат кайрылууда. - Биз баарын түшүнөбүз, комбинаттан чыккан зыяндуу чаңдар, биздин өпкөлөрдү, балдарыбыздын өпкөлөрүн жабыркатып жатат".

Темиртау шаарынын мэри Галым Ашимов жумушчу топтун иликтөө жыйынтыгын күтүп турууга чакырды.

Бирок шаар мэри: "Шар өндүрүш шаары болгондуктан аба булганып",-жатканын моюнуна алууда.

"АрселорМиттал Темиртау" мындай абалга ишкандан чыккан буганыч түтүндүн жана чаңдын тиешеси болушу мүмкүндүгүн четке какпайт. Муну декабрь айында шамалдын болбой клаганы менен байланыштырат.

Темиртау шаары жайгашкан Караганда облусу Казакстандагы абаны эң көп булгаган аймак. Темиртаунун өзүндө 2017-жылдын биринчи жарымында атмосферанын булганышы эң жогорку чекке жеткен. (AbA)