Якудза кылмыш тобунун лидерин татуировкасынан таанып кармашты

Полициянын айтмында, кармалган Сигехару Сирай "Кодокаи" кылмыш тобунун лидери болгон. Сүрөттүн автордук укугу EPA

Жапониялык якудза мафиясындагы топтордун биринин 74 жаштагы лидери Таиланддын полициясы тарабынан кармалды. Ал 15 жылдан бери полициядан жашырынып жүргөн.

Полициянын айтмында, кармалган Сигехару Сирай "Кодокаи" кылмыш тобунун лидери болгон. Бул топ якудзалардын эң ири кылмыштуу тобу "Ямагучи-гуминин" курамында. Жакынкы күндөрдө аны Жапонияга экстрадициялайт. Өз мекенинде Сигехару Сирайды кылмыш дүйнөсүндөгү лидерлердин биринин өлүмү боюнча айыптап келишет.

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын биринин изине түшүүгө "Фейсбукка" жарыяланган сүрөт жардам берген. Андагы сүрөттө Сирай үйүнүн жанында шашки ойноп олтурганы тартылып калган.

Сирайды денесине түшүрүгөн татуировкалары сатып койгон. Анткени тартылган сүрөттө ал бел курчоосунан өйдө жылаңач олтурган экен.

Жергиликтүү тургундардын бири бул сүрөттү жарыялап жибергенден кийин колдонуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, жапон полициясынын көңүлүн бурду.

Кармалгандан кийин Сирайдын Таиланддагы визасы жана паспортунун мөөнөтү он жыл мурун эле бүтүп калганы аныкталды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Татуировка анын далысын жана көкүрөгүн толук жаап турат.

74 жаштагы кылмыш тобунун анабашы болгон Сирай 2003-жылы өзүнүн атаандашын өлтүргөн деп айыпталууда.

Көптөгөн жылдар жапониялык якудзалар жапон коомунун маанилүү бөлүгү эсептелип келген. Бул эми өлкөнүн саясый жана экономикалык жашоосуна түздөн-түз байланыштуу болгон.

Якудзалар мафия кодексинин катаал эрежелерин катуу карманышкан. Аны бузгандарга жазалары үрө учурарлык болгон.

1980-жылдары якудзаларга 40га чукул кылмыштуу синдикаттар кирип, анын катарындагылардын саны 90 миң чамалуу кишини түзгөн. Акырындап олтуруп алардын катары суюлду.

Якудзалар сойкулук бизнесин жана мыйзамсыз кумар оюндарын, курал жана баңги соодасын, каржылык махинацияларды, аткезчиликти коргоого алууга адистешкен.

Соңку жылдарда Жапония кайрадан кылмыштуу топтордун активдешүүсүнө туш болуп жатат. Муну "Ямагути-гуми" деген ири кылмыштуу топтун бөлүнүп- жарылышы менен түшүндүрүп жатышат. Анткени андан бөлүнүп чыккан топтор өзүнчө уюшуп, каршылашкан кландар ортосунда бир нече кагылышуу орун алды. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар