Чачына муз тоңгон окуучунун сүрөтү жакырчылык боюнча талкууга жем таштады

"муз бала" атка конгон 8 жаштагы кытайлык окуучунун сүрөтү Сүрөттүн автордук укугу PEOPLE'S DAILY

Коомдук медиада "муз бала" атка конгон 8 жаштагы кытайлык окуучунун сүрөтү Кытайдагы жакырчылык абалы боюнча кызуу талкууга жем таштады.

Жаш баланын мектепке колдору шишип, чачына, каштарына чейин тоңуп келген.

"Кичинекей Ваң" деген аталыштагы сүрөт дүйшөмбү күнү коомдук медиада тарап, интернетте топ жарды. Активисттер Кытайдын элет аймактарында жакырчылыкка каршы жетиштүү чара көрүлбөй келгенин белгилеп жатышат.

Коомдук медианын колдонуучулары Ваң күн сайын мектепке келүү үчүн узак жолду жөө басып өтөрүүнө нааразы болушту. Кытайдын мамлекеттик маалымат агенттиги "Кичинекей Ваң" Юньнань провинциясынын тургуну экенин жана ал мектепке келүү үчүн төрт жарым чакырымды бир сааттын ичинде жөө басарын кабарлады. Сүрөт тартылган күнү аба ырайы -9C болгону дагы айтылды.

Коомдук медиада топ жарган окуя

Ваңдын эки сүрөтү коомдук медиага тарады. Анын биринде Ваңдын классташтары тоңуп калган каштарын жана чачтарын көрүп күлүп жатышат.

Экинчи сүрөттө, Ваң жалаң бешке окуган бала экени көрсөтүлгөн.

Бул сүрөттөрдү Ваңдын мугалими 8-январда тартып алган. Мамлекеттик маалымат агенттиги сүрөттөр мектептин директоруна жана бир ууч башка тургундарга жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Бирок көп өтпөй бул сүрөттөр жалпы Кытайга тарап, интернетте топ жарып, жакырчылык менен күрөш жаатында кызуу талкуу жаратты.

Коомдук медианын колдонуучулары жеригилктүү бийликке бул маселени чечүү үчүн кандай чара көрүп жатасыңар деген суроо жолдогон.

Кичинекей Ваңдын жашаган үйү

Өлкөдө таанымал Pear Video интернет баракчасынын журналисттерди Ваңдын үйүн көрүп келишти. Кабарчылар анын жашоо шарты өтө начар экенин белгилешти. Көрсө Ваңдын ата-энеси Кытайдын башка аймактарына иш издеп кетип, ал үйүндө чоң апасы жана эжеси менен жалгыз калыптыр.

Ваң Pear Video баракчасынын журналисттерине атасын төрт же беш айда бир эле жолу көрөөрүн, апасы кичинекей кезинде үй-бүлөсүн таштап, дайынсыз кеткенин айткан.

Жергиликтүү жеке ишканалар кыйынчылыкка туш болгон Ваңга каржылык жардам көрсөттү. Ал эми Коммунисттик партиянын жаштар канаты Ваңдын мектебине $15,350 доллар жөнөтүп, ар бир балага жылуу кийим жана мектептин жылуулук системасын жакшыртууга багыттады.

Тектеш темалар