Түркия Сириядагы күрттөргө каршы чабуулга өттү

Түркиянын армиясы Сириянын түндүгүндөгү күрттөргө каршы аба соккуларынан кийин кургак жер аркылуу операциясын баштады. Күрттөр чабуулдун мизин кайтарганын айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Түркия бийлиги "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" элдик кошуундарынын бири болгон күрттөргө каршы атайын операциянын экинчи күнү чек араны Гүлбаба айылы турган жерден кесип өтүп, сириялык Африн шаарына киргенин кабарлады.

Аскерлер күрттөр көзөмөлдөгөн Сириянын бул аймагына киргени тууралуу Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым билдирүү жасады.

Күрттөр чабуулдун мизин кайтарып, түркиялык аскер күчтөрүн чек арадан артка чегинүүгө аргасыз кылганын айтууда.

Йылдырымдын айтымында, түрк аскерлери арасында каза тапкан же жаракат алгандар жок.

HaberTurk ("Түркия кабарлары") телеканалы түрк премьерине шилтеме берип, операциянын соңку максаты - Африн профинциясындагы түрк-сирия чек ара тилкесинде 30 чакырымга созулган коопсуздук аймагын түзүү экенин айтты.

Чөлкөмдөгү кырдаалдын курчуп кетиши Түркиянын НАТОдогу союздаштары менен, тагыраагы АКШ менен түз жаңжалга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Анткени АКШ күрт кошуундарына колдоо көрсөтүп келген эле. Күрттөрдүн айрым бөлүктөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөшүүдө АКШга көмөк көрсөткөн. Күрттөрдүн элдик кошуундары "ИМ" тобу менен күрөштө маанилүү роль ойногон.

Ишембиде Түркиянын аскер учактары Африндеги күрттөрдүн турумдарына абадан сокку урган.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Түркия соңку бир нече айдан бери Сириядагы күрт кошуундарына каршы атайын операция өткөрөм деп коркутуп келген эле. Анкара аларды Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, 1984-жылдан бери автономия үчүн күрөшүп жаткан Күртистан Жумушчу партиясынын бир бутагы катары эсептейт.

Түрк бийлиги 2012-жылдан бери отурукташып алган күрттөрдү Афринден сүрүп чыгаргысы келет.

Күрттөрдүн элдик кошуундары болсо, Күртистан Жумушчу партиясы менен саясый же аскердик эч кандай түз байланышы жок экенин айтып, айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Түркиялык аскер учактары ишембиде Сирия менен чек арадагы күрттөрдүн турумдарына абадан сокку урган.

АКШ дагы Түркиянын күрттөргө карата дооматтарын негизсиз деп, күрттөр "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен согушта эң ишенимдүү өнөктөш болду деп эсептейт.

Сириянын бийлиги Түркияга аскердик өнөктүк жүргүзүүсүнө каршы эскертүүлөрдү берип, аскер учактарын атып түшүрөрүн айтып коркуткан эле.

Дамаскдагы Башар Асаддын режимин колдогон Орусия Африндеги жаңжалга аралашпай турганын айтты. (AbA)

Тектеш темалар