Дэвид Бекхэмдин жаңы футбол командасы

Сүрөттүн автордук укугу RHONA WISE
Image caption Дэвид Бекхэм жанан анын өнөктөрү команда 2020-жылы лигага кошулат деп жатышат.

Дэвид Бекхэм өзүнүн кыялындагы футбол командасын түзүп жатканын жарыялады. Мурдагы футбол жылдызынын жаңы командасы АКШнын Major League Soccer аттуу лигасында ойнойт жана Майами шаарында жайгашат.

Бирок Бекхэм долбоору тууралуу бир нече суроо чыгууда. Би-Би-Си аларга жооп издеди.

Команданын аты барбы?

Сүрөттүн автордук укугу Universal/MCA
Image caption Бекхэм команданын атын жана формасынын түсүн Майаминин тургундарынын жардамы менен аныктамакчы

Бекхэмдин жаңы команданын аты жана формасынын түсү күйөрмандардын жардамы менен аныкталат деп айтканы бар.

Эмнеге деген суроого, Бекхэм бул команда "элдин клубу" болот деп жооп берди.

Major League Soccer (MLS) лигасы Бекхэмдин командасынын аты, формасынын түсү жана башка маалыматтар жакында жарыяланат деп кабарлады.

Бирок Бекхэмдин өнөктөштөрү долбоорду даярдап жатканда команданы "Майами Каррент" жана "Майами Вайс" деп аташканы белгилүү.

Команданын стадиону каякта болот?

Учурдагы долбоорго ылайык, футбол клубунун стадиону Майами шаарынын түндүк-батыш тарабындагы Овертаун аймагында курулмакчы.

Бекхэм менен анын инвесторлору бул жерди үч жолу аракеттен кийин акыры 2015-жылы декабрь айында сатып алышты.

Бир нече соттук териштирүүдөн кийин командага 25 миң күйөрман батчу стадион курууга уруксат берилди.

Бирок соттук териштүүлөр кийин дагы уланышы ыктымал. Майаминин жергиликтүү бийлигин Брюс Матесон аттуу бизнесмен сотко берген. Ал жергиликтүү бийлик жерди Бекхэмге өтө арзан жана мыйзам бузуулар менен саткан деп жатат.

Брюс Матесондун доо-арызын сот четке каккан, бирок ал арыздануусун токтото элек.

Эмнеге Бекхэм?

Сүрөттүн автордук укугу Quinn Rooney
Image caption Бекхэм 2007-жылы Los Angeles Galaxy командасына кошулганда, анын келишиминде келечекте MLS франшизасын сатып алууга укук берген пункт бар болчу

Бекхэм 2007-жылы Los Angeles Galaxy командасына кошулганда, анын келишиминде келечекте 25 миллион долларга MLS франшизасын сатып алууга укук берген пункт дагы бар болчу.

Майами шаары жаккан үчүн Бекхэм ал укугунан пайдаланды.

Бекхэм командасын жарыя кылып жатканда "мен чындыкты айтайын, абдан оор болду" деп билдирди.

"Кээде ойлонуп, кыялым ишке ашпайт, татаал маселелер бар деп ойлодум. Бирок мен багынган жокмун. Менин карьерамда жеңил эчтеке болгон жок", -деген Бекхэм.

Бекхэмдин командасы ийгиликке жетеби?

"Майами шаары кыял менен курулган. Бүгүн бул шаар дагы менин кыялымды орундатты", -деди Бенхэм.

Мурдагы футбол жылдызынын айтымында, анын командасы лигадагы эң күчтүү клубдардын бири болот. "Мен убада берем, биз лигага алып келген команда эң күчтүүлөрдүн бири болот", -деди Бекхэм.

Майами шаарында 450 миң адам жашайт. Ал эми жалпы аймак боюнча 5,5 миллион киши бар. Тургундардын 70 пайызынын теги латынамерикалык болгону үчүн футболго кызыккандар көп.

"Биз футболду абдан жакшы көрөбүз", -деди күйөрмандардын бири.

Демек, Бекхэмдин клубунун ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Майами шаарында башка футбол клуб барбы?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Колумбиянын мурдагы футбол жылдызы Карлос Вальдеррама Fusion командасында ойногон

Ооба - Miami Fusion.

Бул клуб MLS кеңейип жатканда негизделген. Аны негизинен Флорида штатынын тургундары колдогон. Анын мурдагы аты Tampa Bay Mutiny болчу.

Бул командада Колумбиянын мурдагы футбол жылдызы Карлос Вальдеррама дагы ойногон.

Бирок Fusion командасы Майами шаарынан 50 чакырым аралыкта жайгашкан. Ошол себептен клубдун оюндарына көп адамдар бара алчу эмес.

MLS алгачкы беш сезонунда 250 миллион доллар жоготуп, лигадагы командалардын санын 12ден 10го түшүргөндөн кийин Fusion лигадан кеткен.

Анда Бекхэмдин клубу дагы кетеби?

MLS лигасында абал өзгөрдү. Бекхэм АКШнын футбол боюнча лигасына кошулгандан бери көптөр футболго кызыга баштады, инестиция дагы кескин көбөйдү.

Бекхэм 2007-жылы LA Galaxy клубуна кошулгандан бери MLS лигасына 13 команда кошулду.

Жаңы клубдардын көбү ийгиликтерге жетишти.

Бекхэм Майами шаарына футболду эле кайрадан алып келбестен, "Европанын мыкты оюнчуларын" дагы команданын курамасына кошом деп убада кылууда.

"Биз Майами жана дүйнө жүзүндөгү күйөрмандарыбызга команда мыкты оюн көрсөтөт деп айткым келет", -деди Бекхэм.

Тектеш темалар